Кабулдагы теракт, Байдендин эскертүүсү
Кабул аэропортунда бир күн мурдагы жардыруулардан каза тапкандардын саны 90 кишиден ашты. Алардын 13ү америкалык аскерлер. АКШ президенти Жо Байден бул чабуулдун артында турган "Ислам мамлекети" террордук тобуна чара көрүлөрүн эскертти. Кыргызстанда парламенттик шайлоо системасы өзгөртүлдү. Буга чейин депутаттар партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Кыргызстандык спортчу, 21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү беш күн ичинде узунунан - 180 чакырымды сүзүп өттү. Спортчунун 22-августта Караколдон башталган марафону 27-августта Балыкчыда жыйынтыкталды.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 09, 2024
Трамп Украинага аскердик жардам азаярын эскертти
-
Декабрь 06, 2024
Түштүк Корея: Президентке өз партиясы каршы чыкты
-
Декабрь 05, 2024
Абактагы Султанбеков 23 күндөн бери ачкачылык кармап отурат
-
Декабрь 04, 2024
АКШ кыздарды кордогон үч өзбек жаранды "кара тизмеге" киргизди
-
Декабрь 03, 2024
АКШ Украинага 725 млн доллар бөлдү, Cирияда кырдаал курчуп баратат
-
Декабрь 02, 2024
Опумбаев сотко келди, Султанбеков менен Исаев камакта калды