Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:17

Кабулдагы жардыруу он беш кишини жайран кылды


Кабулдун Шах Шахид райондагы жанкечти жардырган бомбадан кыйраган үйлөр. 7-август 2015
Кабулдун Шах Шахид райондагы жанкечти жардырган бомбадан кыйраган үйлөр. 7-август 2015

7-августта таң эртең менен Кабулда болгон бомба чабуулу 15 адамдын өмүрүн алды. Жарадар болгондордун саны 200дөн ашуун.

Маалымдалгандай, автомобилчен жанкечти бомбаны Ооган армиясынын чалгындоо борборуна кирүүчү дарбаза оозунда токтотулганда жардырган. Ооган президентинин өкүлү Саед Зафар Хашеминин билдиришинче, жарадарлардын арасында 47 аял жана 30 бала бар.

Кабулдун чыгыш бөлүгүндөгү орто байлар жашоочу Шах Шахид районунда жардырылган бомбанын ордунда 10 метр терең аң пайда болгон. Өзүн Хан деп атаган жаран:

- Жардыруудан кийин аяк астыбыздагы жер силкилдеп жатты. Мен жер титиреди деп ойлодум. Бул аябай коркунучтуу болду, - десе,

Рафи деген киши:

- Жардыруудан кийин үйүм кыйрап калды. Өзүм жана атам жарадар болдук. Дагы эмне болорун билбейм, - дейт Рейтер агенттигине.

Жардыруу болгон жерде үйлөр кыйраса, чет жакадагы үйлөрдүн терезелери күбүлүп, же чатырлары учуп, элди тополоңго салды.

- Бул райондогу элдин эси чыкты. Бизди коопсуздук күн санап начарлап баратканы тынчсыздандырат. Дагы канча жашарыбызды билбейбиз, - деди Кабулдун Зазай деген тургуну.

Кабулдагы бомба чабуулунда жараат алган 240 адамдын арасында мына бул наристе да бар. 7-август 2015
Кабулдагы бомба чабуулунда жараат алган 240 адамдын арасында мына бул наристе да бар. 7-август 2015

Кабул полициясынын акими Абул Рахман Рахими автомобилчен жанкечти жардырган бомбадан өлгөндөрдүн баары ушу тегеректе жашаган же иштеген карапайым адамдар деди “Азаттык” радиосуна:

- Жарадар болгондордун арасында аялдар жана балдар бар. Өлгөндөр менен жарадар болгондордун баары жөнөкөй жарандар: дүкөнчүлөр же ушу жерде жашагандар. Бул карапайым элге багытталган айбанчылык болду.

Автомобилге жүктөлгөн заттар жарылганда көптөгөн адамдарга айнектин чачыраган сыныгы тийген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнүн билдиришинче, бомба чабуулунда жабыркагандарга куйганга кан тартыш болууда жана жараат алган адамдардын көбү ооруканага өзү барган.

Мыктылап күзөтүлгөн Кабулда жума күнкүдөй катуу жардыруу мурда болгон эмес. Бирок өлкөнү бейстабилдештирүүнү көздөгөн талиптердин майда-барат чабуулу же чакан бомбаларды жардыруусу ордо шаар үчүн кадыресе көрүнүшкө айланган.

Кабулдагы канды булоон үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Деген менен, калайман окуя талиптердин анабашы Молдо Омор өлүп, ордуна жаңы жетекчи келгенден кийинки бомба чабуулдарынан эч айырмаланабайт.

Жергиликтүү тургундар бомба жардыруусунан кийин. Кабул. 7-август, 2015
Жергиликтүү тургундар бомба жардыруусунан кийин. Кабул. 7-август, 2015

Бир күн мурда 6-августта талиптердин удаа-удаа чабуулунан тогуз киши апаат кеткен. Биринчи чабуул адаватчылардын жабыты эсептелген Логар провинциясында болду. Суу тартуучу машине минген жанкечти бомбаны Пул-и-Каламдагы полициянын тез аракеттенчү отрядынын дарбазасынын оозунда жардырганда үч полициячы жана үч жолоочу өлдү. Экинчи чабуулдун бутасы Кандагар провинциясындагы полиция өтмөгү жана полициякана болду. Ал атышууда үч полициячы окко учкан.

Ушул эле күнү Забул провинциясында Ооган армиясынын тикучары кыйрап, 12 солдат жана экипаждын беш мүчөсү курман болду. Талиптердин өкүлү Кары Жусуп Ахмади тикучарды алар атып түшүргөнүн Твиттерде жар салды.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү менен талиптердин салгылашуулары былтыр НАТОнун миссиясы бүтүп, чет элдик аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин күчөдү. Азыр өлкөдө 13 миң гана чет элдик аскер калган. Алар ооган аскерлерин машыктырат жана контртеррористтик гана операцияларга катышат.

Улуттук аскердик академиянын бүтүрүүчүлөрү Кабулдагы салтанатта. 18-март 2015
Улуттук аскердик академиянын бүтүрүүчүлөрү Кабулдагы салтанатта. 18-март 2015

Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн командири Жон Кампбеллдин үстүбүздөгү аптада билдиргенине караганда, ар айда Ооган армиясы менен полициясы урушта өлгөндөр жана дезертирлер болуп, 4 миңге жакын адамын жоготот. Генералдын айтымында, Ооган армиясы үчүн эң чоң проблема - бул жоокерлердин аскер бөлүктөрүн уруксатсыз калтырып кетүүсү.

- Жаш жоокерлер же полициячылр Гелманд провинциясында эки-үч жыл бою тынымсыз согушуп жүрүшөт. Алар татыктуу азык-түлүк да албашы мүмкүн. Аларда машыкканга мүмкүнчүлүгү жок, -деди генерал Кампбелл Вашингтондогу Брукинг институтундагы талкууда.

БУУ 5-августта маалымдашынча, быйыл алты айда Ооганстандагы канды булоондо 1592 жаран өлгөн, 3329 адам жарадар болгон.

Ооганстандын Борбор Азияга чектеш түндүк аймактары да тынч эмес. Талиптер июлдун аягында Тажикстанга чектеш Кундуз жана Бадахшан провинцияларында, ошондой эле Сари Пул провинциясында чоң аймакты басып алган. Ошондо жүздөй полициячы козголоңчулар тарапка өтүп кеткен.

XS
SM
MD
LG