Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

"Чечен жүрөгү": талаштуу сынак


Грозныйдагы А.Кадыров атындагы мечит
Грозныйдагы А.Кадыров атындагы мечит

Чечен президенти Рамзан Кадыров азыр элди Грозныйдагы мечит Орусиянын негизги символу катары таанылышы үчүн добуш берүүгө үндөп жатат. Өлкөдө эң популярдуу 10 символду тандоого сынак жарыяланган. Кадыровдун аракети бирок көпчүлүктүн кыжырын кайнатууда.

Башта Орусиянын маданий ар түрдүүлүгүн даңазалаш үчүн жарыяланган сынак кийинчерээк улуттар ортосундагы кастыкты күчөтүп, күчкө салып добуш бердиртүүгө байланышкан айыптоолордун жаралышына түрткү болгонсуду.

Бүткүл улуттук сынак азыр интернетте http://10russia.ru деген сайтта жүрүп жатат.

Окурмандар интернетте же SMS аркылуу жумурияттагы өздөрү “эң эле популярдуу” деп эсептеген жерлерге добуш бериши керек. Муну менен уюштуруучулар, бир чети, “Орусиянын ар түрдүүлүгүн жана өзгөчөлүгүн” көрсөтүп, экинчи жагынан, туризмди өнүктүүнү максат кылышканын айтышты.

Сынак 29-сентябрда аяктагандан кийин бийликтер алдыңкы 10 жердин кичинекей көчүрмөлөрүн Москва паркынын четине орнотушат. Ал жер да жылына миллиондогон көрүүчүнү өзүнө тартат деген ишенишет.

Орусиянын Географиялык коомчулугу уюштурган конкурсту өлкөдө Кремлге жакын негизги медиа компаниялардын баары колдошкон жана коргоо министри Сергей Шойгу өзү жетектейт.

Алгач конкурс мартта башталганда эч ким деле ага көңүл бурган эмес эле. Бирок ушул август айынын ортолоруна барып, сынакка катышкан Чеченстандын баш калаасындагы негизги мечит биринчи орунга чыга келгенде көпчүлүктүн бүйүрү кызый баштады.

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров мекенинде Москва менен эки жолку согуштан кийин өзүнүн атасы Ахмат Кадыровдун ысмы менен ачылган Грозныйдагы мечитке азыр чечендер жапырт добуш берип жатышканын айтты.

Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров
Кадыровдун расмий өкүлү Элви Керимов азыр мечиттин бул конкурста алдыңкы орунга чыгышы анын Чеченстанда жана сыртта популярдуу экендигин көрсөтөт деди.

"Бул эң оболу добуш берип жаткандардын ыймандуулугу, руханий маданиятын көрсөтөт. Алар үчүн мечит – диний ишенимдин, боорукердик менен парасаттуулуктун белгиси. Бир эле Чеченстанда эмес, Орусиянын башка жактарындагы адамдар да добуш берип, бизге түрдүү сүрөттөрдү жөнөтүп жатышат. Мечит биздин коомубузду бириктирип жатканы өзгөчө кубандырат", - деди “Азаттыкка” Рамзан Кадыровдун расмий өкүлү Элви Керимов.

Ахмад Кадыров атындагы мечитти “Чеченстандын жүрөгү” деп да атап жүрүшөт. Ал Европадагы эң чоң мечит катары таанымал. Ага добуш бергендердин саны бейшембиде 17 миллиондон ашты.

Анткен менен азыр айрымдар калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн бул республиканын бийликтерин конкурска элди сөзсүз катышууга үндөгөн саясатын күчөткөнү үчүн сындап жатышат.

Президент Кадыров өзү бул сынактагы жеңиш “толеранттуулуктун утушу” болот деп, бүт чечендерди ага катышкыла деп бир нече жолу айтканы бар. Президенттин сөзүн кийин айрым башка чечен расмий өкүлдөрү колдоп, алар да элди добуш берүүгө чакыра башташты.

Алардын ичинде бирок Чеченстандын муфтийинин орун басары Магомед Хийтанаев өзүнүн оригиналдуу сунушу менен баарын таң калтыргандай болду. Ал ушул айдын башында сүйлөгөн сөзүндө “конкурста Грозныйдагы мечит үчүн добуш бергендер Акыретте жыргалчылыгын көрөт” деди. Анын ишениминде, мечит үчүн добуш берүүдө “SMS үчүн коротулчу болгону бир нече рубль Кудай алдындагы сотто өтө чоң соопко айланат”. Мындай агрессивдүү реклама бирок азыр көпчүлүк чечендерди иренжите баштаган өңдүү.

Түндүктөгү Надтеречный районунун тургуну Ларисса биздин кабарчыбызга сүйлөп, элди добуш берүүгө үндөгөн түрдүү концерттер азыр Грозныйда уюштурулуп жатканын айтты.

"Алар, мисалы, бир нече ырчы-чоорчуну алып келишет. Ар бир ыр бүткөндө алып баруучу: “Эми SMS жибергиле”, - деп чакырат. Кийинки ырда кайрадан: “Эми үч рублду мечит үчүн SMSке коротуп, Алланын ыраазычылыгы үчүн добуш берип койсоңор эч нерсе эмес”, - деп кайрадан элди үндөйт. Анан баары жапырт SMS жөнөтөт", - дейт Ларисса.

Надтеречныйлык мугалимдердин бири бизге сүйлөп, бул өңдүү акцияларга эл уюшкан түрдө барууга милдеттендирилгенин, барбагандарды ар нерсени айтып коркутушарын билдирди.

Грозныйдагы мечиттин биринчи орунга чыгышы азыр Орусиядагы улутчулдардын кыжырын кайнатты окшойт. Алар интернетте “Чеченстандын жүрөгүн” жыгып, Коломна шаарындагы Кремлди сүрөш керек деп жатышат. “Коломна Кремли” азыр конкурста экинчи орунда келатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG