Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан кийин Днепр дарыясынын жээгиндеги шаар-кыштактарда масштабдуу суу ташкыны болду. Мындан улам он миңдеген адам коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. Днепр дарыясындагы дамбанын жардырылышына Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат. Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин 7-июндун таңында билдиргендей, дарыянын төмөн жагында суунун деңгээли дагы көтөрүлөрү күтүлүүдө.