Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Казак МАИсин таарынткан кыргызстандык айдоочу сотто утулуп калды


Паленый сот залында, 27-октябрь, 2010.
Паленый сот залында, 27-октябрь, 2010.

Казакстанда кечээ соңку бир айдан бери кыргызстандык айдоочунун айланасында уланып келаткан соттук териштирүү аяктады. Казак МАИ кызматкерлерин таарынтып алган Александр Паленый үч миң доллар айып пул төлөй турган болду.

Кыргызстандын жараны, айдоочу Александр Паленыйды Алматы шаарынын Медеу райондук соту “күнөөлүү” деп тапты жана аны үч миң доллардын тегерегинде айып пулга жыккан өкүм чыгарды. Андан сырткары, мамлекеттин тилчилер тобунун иши үчүн 12 миң теңге төлөшү шарт. Соттолуучу өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

Окуянын баары бир ай мурда Алматыда болгон. Машинеде бараткан Александр Паленыйды жолдо МАИ кызматкерлери токтотуп, документин сураганда, ал: “Алгач өзүңөрдүкүн көрсөткүлө. Анан мени эмне үчүн токтотконуңарды айткыла”, - деп машинеден чыккан эмес да, окуянын баарын өзүнүн видео-камерасына тартып алган.

Тартылган тасманы айдоочу Паленый интернеттеги youtube.com сайтына илип койгон. Андан өзүн көргөн алматылык МАИ кызматкерлери тасманын аягында “Ал бизди салпаяк деп атаптыр” деп сотко беришкен. Ошондон бери айдоочу шаардагы убактылуу кармоочу жайда жатты. Иш сотко өтүп, Паленыйдын сөзү канчалык абийирге шек келтирээрин аныкташ үчүн атайын лингвисттердин комиссиясы да түзүлгөн. Анын жыйынтык сөзүн Медеус райондук сотунун төрагасы Даулет Абдыкалыков өзү окуду.

“Тилчилердин айтымында, “Салпаяк” деген сөз чындап эле кызматкерлердин абийирине шек келтирет. Анткени анда акылы пас начар адам жөнүндө айтылган, - деди судья Д.Абдыкалыков.

Ошентип, кыргызстандык айдоочу эми сот тарабынан тагылган айып пулду төлөмөйүн, өлкөдөн чыгарылбай турган болду.

Маалыматтарга караганда, Александр Паленый Алматынын МАИ кызматкерлери менен буга чейин да бир нече ирет соттошуп, утуп алган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG