Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:16

“Казакбашыга” өтүнүч


Нурсултан Назарбаев дагы канча кааласа, ошончо ирет президент катары ант бере алат
Нурсултан Назарбаев дагы канча кааласа, ошончо ирет президент катары ант бере алат

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга референдум аркылуу узартуу идеясын көтөргөн демилгелүү топ жарандардан 5 млн.дон ашуун кол топтогонун билдирди. Алар бүгүн президентке кайрылып, жарандардын өтүнүчүн кабыл алууну суранышты. Ал эми парламентке жолдонгон кайрылууда референдум өткөрүш үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө чакырык айтылды.

Демилгелүү топ шаршембиде Астанада журналисттерди чакырып, президентке жана парламентке кайрылышканын билдирди. Топтун лидерлеринин бири парламенттин депутаты Анатолий Башмаков: “Биздин демилге коомдо чоң талкууну жаратты. Жарандардын 5 млн.дон ашууну, шайлоочулардын жарымынан көбү референдум өткөрүш керек деген идеяны колдоп, кол коюп беришти - деди, президентке кайрылып. - Бул – сиз жүргүзгөн саясатты жамы журт колдойт дегенди айгинилейт. Казакстандын миллиондогон элинин атынан ушул демилгелүү топ сизге, урматтуу Нурсултан Абишевич, кайрылат жана референдум өткөрүүгө уруксат беришиңизди суранат”.

Демилгени көтөрүп жаткан топ парламентке да кайрылып, 14-январда эки палатанын тең биргелешкен жыйынында бул маселени көтөрүүгө үндөдү. Жыйындын күн тартибине референдум маселеси киргизилгенин Башмаков ушул жыйында кабарлады.

"Электораттын жарымынан көбү колдоду"

Беш млн.дон ашуун адамдын колу топтолуп, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына кароого берилгенин шейшембиде кабарлашкан эле.

Демилгелүү топтун жетекчиси Эрлан Сыдыковдун айтымында, аны комиссия жакынкы күндөрү карап, жообун айтышы керек.

“Эми муну Борбордук шайлоо комиссиясы үч күндөй убакыттын ичинде карап, текшерип, кайсынысы жарамдуу, кайсынысы жарамдуу эмес экенин айтат, - деди ал журналисттерге. - Биз мүмкүн болушунча адамдар тууралуу так маалыматты берип, колдорду жаратпай койбошу үчүн аракет кылдык”.

Ошол эле учурда Эрлан Сыдыков накта канча кол чогултулганын айта албады. “Башым да айланып калды, - деди ал. - Беш млн.дон ашкандан кийин калганы маанилүү деле эмес”.

Текшерилген тажрыйба

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга референдум аркылуу узартуу демилгеси акыркы ирет бир ай мурда көтөрүлгөн (Буга чейин 1995-жылы да Назарбаевдин президенттиги 2000-жылга чейин узартылган - ред.). Аны Америка Кошмо Штаттарынын Астанадагы кызматтан кетип жаткан элчиси сындап, “демократиядан артка кетүү” катары сыпаттаган эле. Шаршембиде парламенттин депутаты Розакул Халмурадов америкалык элчинин айткандарына кошулбай турганын билдирди.

“Буга эч кимдин аралашууга акысы жок, - деп ишенет ал. - АКШнын биздеги элчиси башка өлкөдөгү элчинин орун басары болуп кетти. Чамасы, кетип атканда жөн кетпей, зээнди кейиткен бирдеме айта коеюн десе керек. Эч кандай демократиядан артка кетүү болгон жок. Бул – биздин ички ишибиз, калктын өз эрки”.

Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келаткан Нурсултан Назарбаев өзү өткөн аптада ал демилгени четке кагып койгон. Президенттин мындай кадамын жума күнү АКШнын элчилиги да колдоп, “эл Казакстанда президент Назарбаевдин тарыхый эмгегин жокко чыгаргыдай чечим кабыл албаса экен” деген эле.

"Парламент президентти да укпай коёт"

Бирок шаршембиде депутат Анатолий Башмаков парламент Назарбаевдин чечимин да эске албай, баары бир демилге көтөргөн топту колдойт деп ишенээрин жашырбады.

Казакстанда 2007-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Назарбаев президенттикке канча кааласа, ошончо ирет ат салыша алат. Былтыр майда Назарбаев өзүнө “улуттун көсөмү” деген макам берүүгө каршы болгон. Бирок ал мыйзам долбооруна президент вето салбагандыктан, акыр аягында мыйзам күчүнө кирди. Документ Назарбаевдин өзүнө жана анын үй-бүлөсүнө түрдүү артыкчылыктарды берет, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол бербейт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG