Казак банктарындагы дүрбөлөң
Казакстандын үч чоң банкы өз аманатчыларын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Жүздөгөн адамдар "Каспий", "Альянс" жана ЦентрКредит банктарынын Алматыдагы жана Астанадагы бөлүмдөрүнөн аманат сактаган акчаларын чыгарып кете баштаган. Дүрбөлөң социалдык түйүндөрдө бул банктар банкротко кабылат деген кабар тарагандан кийин пайда болгон. "Каспий" банкы мындай ушакты жайылткан адам жөнүндөгү маалымат үчүн 500 миң доллар сыйлык жарыялады.