Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Жамбылда баланын өлүмү улут аралык чыр чыгарды


Бурыл айылында жыйналган тургундар менен полиция, 17.02.2016
Бурыл айылында жыйналган тургундар менен полиция, 17.02.2016

Казакстандын Жамбыл облусунун Бурыл айылын полициянын атайын даярдыктагы аскерлери кайтарууга аргасыз болду. Айылда эки күн мурда алты жашар бала бир нече ирет бычакталып өлтүрүлгөн.

Бычакталган алты жашар баланын казак, кылмышка шектүүнүн түрк улутунан болуп чыгышы 17-февраль күнү ондогон жаалданган адамдарды көчөгө чыгарды.

Алар кимдир бирөөлөргө көчүп кеткиле деп кыйкырып атышты.

Айылдын тургундарынын 30 пайызын этностук түрктөр түзөт.

Жаалданган топтун кыйкырык-талабы ошолордун баарына айтылып атабы, же кылмышка шектүүнүн жакындарына эле багышталганбы, айтыш кыйын.

Кылмышка шектүү 18 жаштагы тургун кармалып, камакка алынды жана ага жашы жетелек адамды өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду.

Жабырлануучунун үйүнөн 30 миң теңге да жоголгон экен. Полиция ушуну эске алып, окуя атайылап адам өлтүрүү эмес, уурулук экенин айтууда.

Арийне, бул бүтүм жергиликтүүлөрдү ынандырбагандай. Алардын бири, атын атагысы келбеген киши “Азаттыктын” казак кызматына буларды айтты:

- Эл таң азандан жыйналды. Ар жактан келип атышат. Баарына белгилүү да, иш соттун чечими менен эле бүтүп калат. Эл ошого көтөрүлүп атат. Бирок полиция баарын тыйып жатат. Шаардан эч кимди чыгарбай да, эч кимди шаарга киргизбей да тосууда. Куралданып, иттерди жетелеген атайын даярдыктагы аскерлер чогулган элден көп.

Удаа эле жергиликтүү бийлик айылда жыйын өткөрдү. Анда облус акимдери баштаган аткаминерлер, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери келип, кылмышты иликтөөнүн жүрүшү менен тааныштырышты. Ошондой эле түрк диаспорасынын өкүлдөрү чогулган эл менен жолугушту:

- Ал кишилер тынчтык болсун дегенден башканы айтышкан жок. Алардын диаспорасынан өкүлдөр, аксакалдары келишти. Эми ал кишилер кечирим сурагандан башка эмнени айтмак эле. А кылмыш кылгандын туугандары келген жок, - деди “Азаттыкка” ошол эле жергиликтүү тургун.

Ал эми жабырлануучуларга көңүл айтуу үчүн келген Жамбыл облусундагы түрк диаспорасынын өкүлү Дүниядар Абдуллаевдин оюу мындай:

- Бул катардагы эле уурулук. Балким кимдир бирөө улуттук мүнөзгө өткөргүсү келип жаткандыр. Бирок бул жөн эле уурулук, адам өлүмүнө кириптер болуп калды.

Абдуллаев айылда катардагы окуяны улут аралык кастыкка айландырып, жергиликтүүлөрдү атайын козуткан башка жактан келген кишилер жүргөнүн да кошумчалады.

Бурыл айылындагы тестиердин өлүмүнө байланыштуу нааразылыктан кийин жергиликтүү тургундар, бийлик жана түрк диаспорасынан атайын комиссия түзүлдү.

Такталбаган маалыматтарга караганда, кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү башка айылга көчүрүлдү.

Полиция абал тынчыганын айтканы менен айыл дале күчөтүлгөн кайтарууда.

Бурыл айылы Казакстандын Тараз шаарына жакын жайгашкан.

XS
SM
MD
LG