Казак оппозиционери абактан чыкты
Казакстанда тыюу салынган “Алга” оппозициялык партиясынын мурдагы лидери Владимир Козлов 19-августта мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан бошоду. Ал социалдык жаңжалды козуткан деген айып менен түрмөгө отурган. Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу өтүнүчүн Козлов 16-июнда берген. Владимир Козлов 2012-жылы октябрда жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Мал-мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Партия лидери 2011-жылдын 16-17-декабрындагы Жаңы-Өзөн окуяларында социалдык жаңжалды козуткан деп айтыпталган. Анда иш таштаган мунайчыларга жана шаар тургундарына каршы полиция ок чыгарып, натыйжада 16 адам өлүп, 100дөн ашууну жаракат алган. Владимир Козлов жана анын тарапташтары бул айыптоолор саясий кызыкчылыктан улам тагылганын айтып келишет.