Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Каатчылык Алматыдагы дүкөндөрдү жапты


Эксперттердин оюнча, элдин товар сатып алуу кубатынын азайышына улуттук акча - теңгенин девальвациясы себеп болду.
Эксперттердин оюнча, элдин товар сатып алуу кубатынын азайышына улуттук акча - теңгенин девальвациясы себеп болду.

Казакстандын Алматы шаарындагы соода борборлорунда айрым дүкөндөр жабыла баштады. Себеп эң эле жөнөкөй - соода жүрбөй калды. Мындан улам ижара акыдан кыйналган соодагерлер ордуларын бошотууда.

Алматыдагы City plus соода борборунда эле акыркы айларда зер буюм, кийим жана бут кийим саткан бутиктер жабылды. “Азаттыктын” кабарчысы барган учурда бир нече жыл кызмат көрсөткөн коомдук тамактануу жайын да бузуп жатышкан экен. Электроника, тиричилик техникаларын саткан бөлүм да иштебей турат.

Соода борборунун администрациясынын өкүлдөрү кыйылып жатып, жагдай тууралуу азыноолак кеп салышты. Борбордун ижара бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жаппаров мындай дейт:

- Азыр бизде ротация жүрүп жатат. Сатуучулардын эч кимиси чыгып кетпейт. Жакында кайра ачылат. Тармактарыбызда деле ушундай формат болот.

Бошогон орундарды башка соода жайларынан деле байкоого болот. Учурда Алматыда жалпы 245 соода борбору бар.

- Кризис учурунда эң керектүү товардан башкасын албоо керектигин ар бир кожойке билет. 2016-жылы жакшы жакка олуттуу өзгөрүү болору күмөн. Мунайдын баасы түшүп атат, геосаясий жана геоэкономикалык кыйынчылыктар жаралды.
Болат Кусаинов

Бул арада Казакстандын сатуучулар биримдиги сатып алуучулардын азайганына байланыштуу соодада мындан ары төмөндөө болорун эскертүүдө. Биримдик президенти Василий Горевой бир нече ай ичи жагдай мындан да начарлай берерине токтолду. Анын айтымында, соода борборлорунун ээлери ижара акысын төмөндөтө элек, а тапкан ташыганын жалаң ижарага берүүнү эч ким каалабайт:

- Тилекке каршы, эч кимдин камдаган каражаты калбады. Соода борборлорундагы орундарын кээ бир сатуучулар убактылуу жаап жатышат. Бирок, бир нече айдан кийин баары бизнесин жыйнап коюшу ыктымал.

Горевойдун болжолунда, кардарлардан суроо-талаптын төмөндөшү көйгөйлөр чынжырынын башталышы болушу мүмкүн. Натыйжада ишканалар токтоп, жумушсуздук күчөшү күтүлөт:

- Азыр биз тобокелге салып, жоготуулар менен иштеп атабыз. Биз эң башкысы аман калуу экенин түшүнүп турабыз. Өлкө жетекчилигинин доллардан баш тартуу саясатына карабастан ижара келишимдер 95% чет элдик валютада түзүлгөн. Бул жыл оор болот. Базардын 20-25% жабылат.

Экономист Болат Кусаиновдун эсебинде, элдин товар сатып алуу кубатынын азайышына улуттук акча - теңгенин девальвациясы себеп:

- Кризис учурунда эң керектүү товардан башкасын албоо керектигин ар бир кожойке билет. 2016-жылы жакшы жакка олуттуу өзгөрүү болору күмөн. Мунайдын баасы түшүп атат, геосаясий жана геоэкономикалык кыйынчылыктар жаралды. Мунайдын келечегин эч ким так айта албай жатат, а төмөндөө уланууда.

Башка бир экономист Магбат Спановдун оюнча, соода орундарынын жабылышын акча кунунун түшүшүнө гана байланыштыруу туура эмес. Анын оюнча, айрым көрүнүштөр ишкерлердин катачылыгынан улам да болууда:

- Кризис тууралуу кеп кылган сайын көйгөй күчөй берет. Албетте, акча кунунун түшүшү таасир этет. Бирок, бул ишкерликте кадимки эле көрүнүш. Балким, кимдир бирөө логистиканы, маркетингди жөндөй алган жоктур. Анан анын баарын эле теңге баасына байлаган болбойт. Айрым компания жетекчилери маселени түрдүү өңүттөн талдашы керек.

Өткөн жылдын августунда казак өкмөтү экспорт товарларына баа түшкөнүнө жана орус рублинин куну кетишине негиздеп, теңгени эркин жүгүртүүгө чыгарган.Ошондон бери казак акчасы долларга карата дээрлик жүз пайызга арзандады.

XS
SM
MD
LG