Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

«Борат» казактардын намысына дагы тийди


Чуулгандуу "Борат" тасмасынан, 2010-жылдын сентябры
Чуулгандуу "Борат" тасмасынан, 2010-жылдын сентябры

Кувейттеги мелдеште Казакстандын улуттук гимнинин ордуна чуулгандуу «Борат» тасмасындагы каймана-гимн ойнотулгандан кийин казак спортчулары уюштуруучулардан кечирим суроону талап кылышты. Акыркы бир айдын ичинде спорттук мелдештерде Казакстандын улуттук гимнинин ордуна экинчи жолу башка ыр жаңырды.

Кувейтте өткөн мылтык атуу боюнча мелдеште башкы байгени тапшырууда казакстандык спортчу Мария Дмитренконун урматына Казакстандын улуттук гимни жаңырышы керек эле. Бирок мерген кыз сыйлык берилүүчү тактага чыкканда сыймык менен ийгиликке жеткен баатыр казак эли тууралуу гимндин ордуна айтылуу «Борат» тасмасынан ыр ойнотулду. Бул "гимнде" Казакстан сапаттуу калий минерал затын эскпорттогон жана салыштырмалуу таза сойкулары бар өлкө катары даңазаланат.

Гимн алмашып кеткендеги бул окуя түшүрүлгөн тасмада Дмитренко эч нерсени элес албагандай, колун көкүрөгүнө коюп турганын, ыр ойнолуп бүткөндөн кийин башка көзгө атаар мерген кыздар менен чогуу сүрөткө түшүп жатканын көрөбүз.


please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00
Түз линк


Кезегинде «Борат» тасмасына казактар абдан ыза болуп, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги алтургай башкы ролду аткарган англиялык куудул, актер Саша Барон Коэнди сотко бере турган болгон. Коэн кийинки жылы эң мыкты актер катары «Алтын глобус» сыйлыгын алган.

Кувейттеги окуяда казак спортчулары уюштуруучулардан ырды дароо токтотууну талап кылышкан, бирок алар бул ырды гимн тандаган бөлүмдөн алышканын айтып, ийин куушурушкан.

Кийин Казакстандын командасы уюштуруучулардан расмий кечирим суроону талап кылышты. Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяны иликтеп жаткандыгын кыйытты.

Министрликтин маалымат катчысы Иляс Оморов былтыр Париждеги дүйнөлүк оор атлетчилердин мелдешинде да калпыстык менен Казакстандын эски гимни ойнотулганда уюштуруучулар дароо кечирим сурашканын белгиледи.

Кувейттин бийликтери 22-марттагы бул окуя боюнча али түшүндүрмө бере элек.
Мелдештин уюштуруучулары «Борат» тасмасынан ырды чындап эле Казакстандын улуттук гимни деп ойлоштубу же атайылап эле казактарды дагы бир жолу ыңгайсыз абалда калтыргылары келдиби?



«Борат» тасмасы 2006-жылы чоң экранга чыкканда Кувейт аны көргөзүүгө тыюу салган дээрлик бардык араб өлкөлөрүнүн бири болгон эле. Ушуну эске алганда, уюштуруучулар калпыстык кетирип алгандыгын болжолдоого болот.

Кувейттен мурдараак казактар өздөрү расмий иш-чарада улуттук гимндин ордуна таптакыр башка ырды ойнотуп алышкан эле. Жергиликтүү лыжа мелдешинде улуттук гимн Рики Мартиндин «Ливин ла Вида Лока» деген ыры менен алмашып кеткен.

Ага караганда «Бораттын» гимни казактарга жакыныраак деп айтсак болот, себеби анда кур дегенде «Казакстан» деген сөз бар.
XS
SM
MD
LG