Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Казакстанда күйөө баланын ишин иликтөө чакырыктары айтылууда


Америкалык "Форбс" журналы 2008-жылы Тимур Кулибаевди миллиардерлердин тизмесине киргизген.
Америкалык "Форбс" журналы 2008-жылы Тимур Кулибаевди миллиардерлердин тизмесине киргизген.

Казакстанда качып жүргөн ири ишкердин президенттин күйөө баласына койгон дооматтары боюнча иликтөө жүргүзүү чакырыктары айтылып жатат. Мындай билдирүүнү өлкөдөгү айрым саясий партиялар жасашты.

Учурда четте качып жүргөн казак ишкери, БТА банктын мурдагы ээси Мухтар Аблязов өткөн аптада Казакстандын Башкы прокуратурасына, башка күч органдарына колундагы документтерди кошуп жөнөткөн билдирүүсүндө президенттин ортончу күйөө баласы Тимур Кулибаевди кылмыштуу топ түзгөнү үчүн айыптап, мамлекет мүлкүн сатуунун эсебинен 165, 9 миллион долларды кымырып алганын белгилейт.

2000-жылдардын башында президент Нурсултан Назарбаевдин саясатына каршы чыкканы үчүн түрмөгө түшүп, кийинчерээк кайра банк чөйрөсүндөгү ишмердигин уланткан Мухтар Аблязов Казакстандан кетүүгө былтыр аргасыз болгон. Өзү жетектеп келген БТА банк өкмөт тарабынан тартылып алынгандан кийин чет өлкөгө кетишин Муктар Аблязов кайрадан камакка алынуу коркунучу жаралганы менен түшүндүргөн.

Казакстанда Аблязовдун өзүнө каршы кылмыш иши козголуп, издөө салынган. Муктар Аблязовдун ырасташынча, 2003-жылы “Актөбөмунайгаз” деген компаниянын акцияларын сатып алууда Кытайдын улуттук мунай корпорациясы мунай тармагын тейлеген Тимур Кулибаевге 165,9 миллион доллар каражатты офшордук компания аркылуу пара катары төлөгөн.

Казак бийлигин бул маалыматты казып иликтөөгө чакырган саясий уюмдардын бири – Коммунисттик партия болду. Анын лидери Абдильдин Серикболсын биз менен маегинде буларга токтолду:

-Казакстанда Аблязов Кулибаевге байланыштуу көтөрүп жаткан маселе жаңылык эмес. Буга чейин “Казакгейт” деген иш болгон. Анын негизги фигуранттарынын бири биздин эл башы, ага пара берди деген адам Американын жараны эле. Азыр Кулибаевге Аблязовдун койгон доосу туура ушуга окшош, Кулибаев жана анын жубайы, президенттин кызы, Казакстандагы эң ири байлардан. Ал байлык кайдан келди деген суроо өзүнөн - өзү туулат. Президенттин тегерегинде жүргөн адамдары укук коргоо органдары текшере албайт. Бирок кандай болгон күндө да мындай жагымсыз иштерди элдин билгени жакшы.

Соңку үч жылдын ичинде эле күйөө балдары менен байланышкан экинчи ири жаңжаал тутанып жаткан шартта президент Назарбаевдин өзү дароо элге бир нерсе айтышы мүмкүнбү? Биз бул суроону алматылык саясат тануучу Досым Сатпаевге жолдодук:

-Менимче мамлекет башчысы үчүн бул маселе боюнча азыр эле бир нерсе деш кыйын. Муну менен азыр Тимур Кулибаев өзү алектенүүдө жана жакында эле атасы Аскар Кулибаев да өз оюн айтты. Албетте өз уулун коргоду, коргогондо да башкалардан айрымалуу, эмоционалдуу коргоду. Ал келтирген жүйөөгө караганда, уулуна каршы багытталган маалымат чабуулу Аблязовдун өзүнүн эмес, Рахат Алиевдин (президенттин мурдагы күйөө баласы) ойлоп тапканы. Себеби алар Тимур Кулибаев мураскер болуп калат деп шектенишүүдө. Бул - абдан кызык версия. Атүгүл тирүү президенттин баарында кимдир бирөөнү мураскер деп атоо жаман белги экенин эске алганда, Кулибаевдин өзүнө зыян келтирип коюшу мүмкүн. Андыктан менимче президент кокус эле маалыматтык жүйөө жаралбаса, бул жаңжалга түздөн-түз кийлигишпейт. Себеби Казакстан ЕККУнун төрагалыгын алган быйылкы жылы президентке мындай жаңжалдардын кереги жок.

Досым Сатпаев биз менен маегинде кошумчалагандай, бул окуя боюнча али маалымат согушу уланат:

-Менимче маалымат согушу уланат. Себеби Аблязовдо, атүгүл Рахат Алиевде де Кулибаевге каршы компромат материалдар аз эмес, көп. Маалымат толкуну өтүп кетиши мүмкүн, бирок Казакстанда президенттин көрсөтмөсүсүз олуттуу соттук териштирүүлөр башталышы, атүгүл бул иш сотко жетиши да күмөндүү. Эгер Кулибаев гана Рахат Алиевдин жаңылыштыгын кайталап, президентке түз чакырык таштабаса. Бирок Кулибаевдин сак экенин эске алганда, ал мындайга барбайт. Андыктан маалымат согушу Кулибаев менен Аблязовдун ортосунда жүрөт, албетте ага башка кызыкдар тараптар да кошул

Муктар Аблязовдун өзү болсо “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына берген интервьюсунда президент күйөө баласынын коррупциялык иштери тууралуу маалыматтарды жарыялоону уланта турганын жашырган жок. Бирок анын алгачкы билдирүүлөрүн басып чыккан төрт гезиттин (“Республика”, “Голос Республика”, “Взгляд”, “Курсив”) нускалары Алматынын Медеу райондук сотунун апта башындагы чечими менен камакка алынды.

Аталган басылмаларга жана Аблязовго каршы сотко доо-арызды абийриме жана ар-намысыма шек келтирди деген жүйөө менен Тимур Кулибаев берген. Жазаланган гезиттердин өкүлдөрү шаршемби күнү Алматыда болгон маалымат жыйынында сот өз чечимин доогердин арызы түшөр замат, соттук териштирүүсүз эле кабыл алганын белгилешти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG