Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Токаевдин пресс-катчысынан коронавирус табылды


Казакстан президентинин маалымат катчысы Берик Уали.
Казакстан президентинин маалымат катчысы Берик Уали.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Берик Уали “Фейсбуктагы" баракчасына жазып, абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

43 жаштагы Уалинин айтымында, президенттин резиденциясы Акордодо санитардык абал күчөтүлдү. “Президенттин саламаттыгына коркунуч жок, ал графикке ылайык ишин улантууда» деп жазды маалымат катчы.

Буга чейин Орусиянын президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков да COVID-19га кабылган. Инфекцияны Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана бир нече министр жуктуруп алган.

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жана анын үй-бүлөсүнөн дагы өткөн жумада коронавирус аныкталган.

Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 12 500дөн ашты. Бул илдеттен 53 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG