Казакстанда анализдеринен коронавирус аныкталган миңдей адам ооругандардын саны боюнча расмий статистикага кирбей калган.
3-июндан бери Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус анализинен аныкталса да, оорунун белгилери чыкпаган жарандардын эсебин өзүнчө жүргүзүп жатат. Оорунун белгилери билинбеген адамдардын саны миңден ашат.
6-июнда эле оорунун белгилери билинбеген 357 адам катталган.
Министрлик өз алдынча эсептин ачылышы өлкөдөгү реалдуу эпидемиологиялык кырдаалды көрсөтөт деген ишеничте. Ошону менен катар мекеме соңку күндөрү коронавирусту жугузуп алгандардын 60 пайызында оорунун белгилери билинбегенин кабарлады. Ошондой эле Казакстан бийлиги коронавирустан өлгөндөрдүн жана коронавируска кабылып, бирок башка оорулары өтүшүп кетип, ошондон көз жумгандардын да эсебин өз алдынча жүргүзөт.
Расмий маалыматка караганда COVID-19дан 53 киши каза тапкан. Бирок бул вирусту жугузуп алып, андан көз жумгандардын саны андан көп экени кабарланып келет.
4-июнда саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавируска кабылган 37 адам башка оорулардын козголушунан көз жумганын айтты. Буга чейин "Азаттыктын" казак кызматы Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында өлгөндөрдүн саны менен коронавирустан каза тапкандар үчүн казылган жайлардын санында айырмачылыктар болуп жатканын жазган.