Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Кулбек Ергобектин муундарга калчу мурасы


Казакстандын Түркстан шаарында Түрк тилдүү элдердин китепканасы иштейт. Учурда 40 миңдей басылма сакталган борборду окумуштуу Кулбек Ергобек түзгөн. Он бөлмөлүү имаратта түрк тилинде сейрек басылып чыккан адабияттар сакталат.

Кулбек Ергобек 25 жыл мурун Алматыдан Түркстанга өзү менен кошо түрк тилдериндеги 15 миң китебин ала келген. Башында түрк адабиятын изилдөөчү, устаты Бейсенбай Кенжебаевдин атынан жеке борбор ачып, кийин Түркстан акимиатынын колдоосу менен түрк элдеринин китепканасын негиздеген.

- Түркстанга 1992-жылы көчүп келдим. Өзүм менен кошо 15 миң китепти да ала келдим. Башында Бейсенбай Кенжебаевдин борборун, кийин музейин түздүм. Ал жылдары китептер Түркстанда Казак-түрк окуу жайы ачылгандан бери түрк элдеринин тилин, тарыхын жана маданиятын окуган студенттер үчүн жакшы жардам берди.

Кулбек Эргобек
Кулбек Эргобек

Кийин ал шаардык китепкана ачуу демилгесин көтөрүп чыгып, өзүнүн китептерин фондго берүүнү сунуштаган. Түркстан шаардык акиматы окумуштуунун демилгесин колдоп, 2008-жылы мамлекеттик мекемени ачууга жардам берген. Эми китепкананын фонду мамлекеттик бюджеттен жаңы басылмалар менен дагы толукталып келет. Бүгүнкү күндө китепкананын туруктуу үч миң колдонуучусу бар.

- Китептерди карап отуруп, анда алтай, азербайжан, башкир, кыргыз, кумык, балкар, татар, чуваш, хакас, сван, якут - жалпысынан 24 түрк тилинде экенин түшүндүм. Анан түрк элдеринин китепканасын ачуу идеясы жаралды. Менин мугалимим Бейсенбай Кенжебаев да бул жөнүндө кыялданчу. Мен анын кыялын орундатайын дедим. Андан тышкары Түркстан түрк элдеринин борбору болгон, муну эске алганда бул китепкананы ачууга ылайыктуу жер эле.

Он миңдеген китеп сакталган борборду түзүү оңой болгон эмес. Китеп чогултуу үчүн Кулбек Ергобек дүйнөнүн бир топ бөлүгүн кыдырып чыккан. Саякаттарында ал башкыр түркологу, профессор Мирза Идельбаев, татар академиги Хатиб Миннегулов жана башка түрк дүйнөсүн изилдөөчүлөр менен таанышып, достошкон. Китептерди чогултууга көзү өтүп кеткен акын-жазуучулардын балдары дагы жардам берет.

– Китепкана эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүн түрк элдеринин адабияттары түзөт. Экинчиси болсо, Бейсенбай Кенжебаев, Мухамеджан Каратаев, Абдильда Тажибаев, Утебай Турманжанов, уйгур жазуучусу Кожахмет Садуакасов, өзбек жазуучусу Насыр Фазылов, перс адабиятын изилдөөчү Отеген Кумисбаев, окумуштуулар Омирзак Айтбаев жана Халиф Алтайдын жеке китепканалары. Бейсенбай Кенжебаев мага жеке китепканасын мураска калтырган. Алардын ичинде эми чанда кезикчү байыркы басылмалар көп. Мисалы, 1873-жылы басылган сөздүк бар. 1904-жылы Орус география коомчулугу басып чыгарган Чокан Валихановдун китеби бар. Китепканада акыркы кезде сейрек басылчу тувин, хакас, шор тилинде адабияттар чогулган.

Кулбек Ергобек эми электрондук китепкана жөнүндө кыялданып жатат. Ал бул сейрек кездешүүчү китептер адамдарга дүйнөнүн бардык бурчунан жеткиликтүү болуп, түбөлүк сакталса деген тилекте. Ошондой эле жакын арада имараттын бир бурчунан эски китептерди калыбына келтирген өнөркана ачат.

- Атайын программа сатып алып, электрондук китепкана жасоо керек. Бардык кызыккан окурман Түркстанга жете албайт. Азыр биздин китепкананы жергиликтүү калк менен студенттер колдонушат. Эгерде китептер окулбай калса, ала өлүк материалга айланат.

Китепканада тогуз кызматкер иштейт. Ал Түркстан шаарынын акиматы тарабынан каржыланат. Китепкана мамлекеттик буйрук боюнча квартал сайын жаңы китептер менен толукталып турат.

Кулбек Ергобек эми борборду Китепканалардын эл аралык биримдигинин федерациясына каттоону ниет кылууда. Муну менен түрк тилдүү элдердин китепканасын дүйнө жүзүнө таанытмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG