Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Талды-Коргондо өрттөн 38 киши өлдү


Талды - Коргондогу өрттөлүп кеткен оорукана, 13-сентябрь 2009-жыл
Талды - Коргондогу өрттөлүп кеткен оорукана, 13-сентябрь 2009-жыл

Казакстандын Талды-Коргон шаарында баңгилер дарыланган борбордо өрт чыгып, 38 киши өлдү.

Маалыматтарга караганда, өрт чыккан маалда диспансерде 72 киши бар болчу. Алардын ичинен 67 - бейтап, бешөө - медициналык кызматкерлер. Өрт жекшембиде (13-сентябрда) эртең менен башталган.

Кырсык жөнүндө белгилүү болгондон кийин бейтаптардын жакындары клиникага көздөй жөнөшкөн. Бирок анын короосуна эч ким кое берилген жок. Оорукананын кызматкерлери каза болгондордун тизмесинде 35 бейтап жана 2 медициналык кызматкер бар экенин маалымдашты. Эки киши оор абалда реанимацияга, дагы жети киши облустук ооруканага жеткирилди.

Күбөлөрдүн айтымында, оорулар терезелерди, андагы тосмолорду сындырып жатышты. Бирок кээ бир аман калган адамдар дайынсыз жоголууда. Алардын ысымдары же өлгөндөрдүн же тирүү калгандардын тизмелеринде жок.

Премьер-министр Карим Масимов окуяны иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүүгө буйрук берди. Аны өкмөт башчынын орун басары Серик Ахметов жана Чукул кырдаалдар министри Владимир Божко жетектемей болушту.

Баса, Талды-Коргонго келген өкмөттүк делегация окуя тууралуу комментарий жасоодон баш тартты.

Алматы облусунун аким орун басары “Азаттыктын” "эмне үчүн ушунча көп адам өлдү?" деген суроосуна: “Себеби ал жакта күчкө салып дарыланган адамдар кармалчу. Эшик, терезелерде темир тосмолор бар болчу”, - деп түшүндүрдү.

Өткөн кылымдын башында курулган имарат 150 кишиге эсептелген.

Быйыл январда Казакстандын Атырау облусундагы ооруканада өрт чыккан. Бирок анда имараттын ичиндеги 250 кишинин бардыгы куткарылган. Анда да өрт таңга маал, 5 жарымда башталган.

Ал эми 2006-жылы Москвадагы бангилерди айыктыруучу диспансерде 45 аял ажал тапкан. Алар өрт башталганда кулпу салынган эшиктерден жана темир тор менен тосмолонгон терезелерден улам сыртка чыга албай калышкан.

XS
SM
MD
LG