Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:32

Экстремизмге айыпталган активисттер акчадан да ажырады


Олеся Халабузар

Казакстанда "экстремисттик" беренелер боюнча соттолгондор абактан кийин жаңы  сыноолорго туш болууда. Алар “кара тизмеге” алынып, банктагы эсептери камалып, адам укуктары чектелип жатканына арызданып келишет.

Алматыдагы жарандык активист Олеся Халабузардын банктагы эсептери өткөн жылы декабрда жабылган. Ал үч баласына төлөнчү алиментти ала албай калган.

Августта Олеся Халабузарды Казакстанда кеңири колдонулган 174-берене (“кастыкты козутуу”) боюнча соттолуп, эки жылга эркинен ажыратылган. Жарандык активист Казакстандын Баш мыйзамынын 26-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы чыгып, “мындай өзгөртүүлөр кытайлардын казак жерлерин басып алуусуна жол ачат” деген жазуулары бар баракчаларды жасап, таратканы үчүн айыпталган. Сотто Олеся күнөөнү формалдуу мойнуна алган. Сот сураксыз, күбөлөрсүз кыскартылган тартипте өткөн.

Мунун натыйжасында Олеся Халабузар “терроризм менен экстремизмди каржылаган уюмдар менен адамдардын” тизмесине алынган. Бийлик бул тизмеге Казакстанда 174-берене боюнча соттолгондорду киргизет. Буга чейин Атыраудагы жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аян, Алматыдан Ермек Нарымбаев жана башка активисттер тизмеге киргизилген. Өлкөдө мындай тизмелерди түзүүгө “Терроризмди каржылоону жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршылык көрсөтүү” боюнча 12-берене мыйзам чегинде мүмкүнчүлүк берет.

Декабрдын аягында Олеся Халабузар Kaspi Bank менен Элдик банктагы эсептерин прокуратура камакка алганын билген.

“Прокурордун банкка койгон талабында менин банк эсептерим экстремисттер менен террористтер тарабынан каржыланат деп жазылган. Чындыгында, бул менин балдарыма берилчү алименттин акчасы. Мени айыпсыз соттоп, эми шылдың кылып жаткан келесоо чалыш прокурорлорду аяйм. Казакстандын прокурорлору ушунчалык аморалдуу, балдардын акчасын дагы күлкүнү келтирген шылтоо менен камакка алышкан. Менин эсебиме которулган бул 50 миң теңгеге мен террористтер менен экстремисттерге беткап эле сатып бере алам го”, — деп жазган "Фейсбуктагы" баракчасына Олеся Халабузар.

Жарандык активист Башкы прокуратурага арыз жазаарын, бирок адилеттиктен үмүтүн үзгөнүн айтат. Бийликтин аракеттерин ал өзүнө кысым катары баалады.

- Алар терроризм менен экстремизмге тиешеси жок балдардын акчасын кармап алышты. Мен банк эсептерим чет өлкөдө болсо, андан чоң суммадагы акча болсо, булардын кылганын түшүнөт элем. Бузуку максаттары бар адамдар банктан расмий эсеп ачабы? Мунун баары жарандык маанайларды басуу үчүн жасалып жатат.

Үч баласы менен күтүүсүз абалда калган Олеся кандай болсо дагы “бийликке кемсинип өзүнүн акчасын сурап барбай турганын” айтты.

Жакында абактан чыккан Жаслан Сулейменов сот аны жана агасы Куат Жоболаевди түрмөдөн бошотуп, үч жылдык административдик көзөмөлгө коюп жатканда аларга эч ким банктагы эсептери жабыларын айтпаганына арызданат. Ал агасы экөө “терроризм менен экстремизмди каржылаган уюмдар менен адамдардын” тизмесине алынган.

Жаслан Сулейменов биринчи топтогу майып, майып арабада отурат. Өкмөт ага жеке жардамчы берип, анын айлыгын төлөп турушу керек.

“Мен агамды жеке жардамчы катары каттоого аракет кылгам. Бирок анын банк карточкасына акча түшкөндө, банк эсебин дароо блоктоп салышты. Агам Элдик банкка, кийин мамлекеттик киреше боюнча департаментке, анан Финансы министрлигине барды. Комиссия карап чыгып, акча берүүгө уруксат бериши үчүн арыз жазышы керек эле. Картада жашоо тиричилик минимуму боюнча 24 миң теңге гана бар. Комиссия уруксат бериши дагы, бербей коюшу дагы мүмкүн”, - дейт Жаслан.

Ал азыр майыптыгы боюнча жөлөк пулду курьер аркылуу өкмөттүк кагаздарды толтуруп, накталай алып келет. Ошондой эле Жаслан жакында башка бир адамга ишеним кат жазып, нотариалдык кызматты колдоно албастыгын билген. “Терроризм менен экстремизмди каржылаган уюмдар менен адамдардын” тизмесине алынган.

- Мыйзам боюнча бир кылмыш үчүн адам эки жолу жазаланбайт. Мени күнөөлүү деп табышса деле, мен жазаны абакта өтөдүм. Менин соттук жазам аяктаган менен мени кайра эле азыр жазалап жатышпайбы. Бирөөгө ишеним кат жазып бергендин эмнеси кылмыш?

«Кадыр-Касиет» укук коргоочу уюмдун жетекчиси Анара Ибраева социалдык жөлөкпулдарды камакка алууга болбостугун, бул алименттерге дагы тийиштүү экенин айтат.

Анара Ибраева адамдарды “терроризм менен экстремизмди каржылаган уюмдар менен адамдардын” тизмесине алып жатканда жеке ар бирин карабастан, жалпылоо болуп жатканын белгилейт.

- Эгерде банктагы эсептер экстремисттик максатта колдонулганын тастыктаган кандайдыр бир фактылар болсо, анда бул адамдарды "кара тизмеге" алуу жана алардын банктагы эсептерин камакка алуу негиздүү жана мыйзамдуу болмок. Ал эми мындай чара териштирилбей эле 174-берене боюнча соттолгондордун баарына колдонулуп жатса, бул жакта көптөгөн суроолор пайда болот. Ар бир ишти жеке териштирүү, жекече кароо керек.

Укук коргоочу Казакстанда жарандардын социалдык камсыздоого, балдарды багууга, пенсиялык жана башка жөлөкпулдарга укугу Баш мыйзамда көрсөтүлгөнүн эскертет. Ал эми соттолгон адамдардын мындай укуктарын чектөө менен аларды жарга такоого болбойт. Ар бир иш жеке териштирилбесе, муну соттолгон адамга жана анын үй-бүлөсүнө карата кошумча жаза катары кароого болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG