Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:19

Казакстандын Кылмыш кодексине өлкөнүн «өтө маанилүү кызыкчылыктарына оор залака келтирүү» деген түшүнүктү киргизүү сунушталууда.

Бул үчүн жарандыктан ажыратуу же өлүм жазасына тартуу каралган. Бирок жобону иштеп чыккандар ал түшүнүктү жакшылап чечмелей албай жатышат. Эксперттер болсо өлкөдө тоталитаризмдин белгилери пайда болууда дешет.

Казакстан юстиция министринин орун басары Зауреш Баймолдина түшүндүргөндөй, ар бир өлкөнүн өтө маанилүү кызыкчылыктарына залака тийгизүү – мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө, конституциялык түзүлүшкө, социалдык, саясий стабилдүүлүгүнө, коргонуу дараметине жана коопсуздугуна шек келтирүү болуп саналат.

Мыйзам долбоорунда терроризм, куралдуу жаңжалдарга катышуу, согуш тутандыруу же согуш жүргүзүү, массалык кыргын салуучу курал-жарактардын соодасы, геноцид, мамлекеттик сырды шардана кылуу өңдүү кылмыштар тууралуу да айтылган. Айрым кылмыштар үчүн 15 жылдан 25 жылга чейин абакка кесүү, мүлкүн конфискациялоо каралган. Бирок бардык беренелерде Казакстан жарандыгынан ажыратуу деген кошумча жазага тартуу белгиленген.

Юстиция министрлиги ошондой эле жарандыкты тартып алуу жана өлүм жазасына өкүм кылууну Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин өмүрүнө кол салуу үчүн да колдонууну сунуш кылат.

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Бул гана эмес, мисалы, ушу тапта социалдык, улуттук, уруулар, расалар, диндер аралык араздашууну козутуу үчүн беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу каралса, эми ушундай кылмыштарга баргандарды да жарандыктан чыгарууну ниет кылышууда. Айтмакчы, бул берене боюнча акыркы жылдары бир катар активист, саясатчылар, ар кыл конфессиялардын өкүлдөрү соттолгон.

- Эл бирдиктүү болушу керек. Улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козутуу болсо, анда бул эмне деген мамлекет? Менимче, бул деген мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирүү. Андай аракеттер акыр аягында ошол мамлекеттин ыдырашына алып келет. Ошон үчүн бул жерде ашыкча бир коркутууну көргөн жокмун, - дейт Баймолдина.

Мыйзам долбоорунда жарандыктан соттун чечими менен гана ажыратуу болоору белгиленген. Бирок ошол адамдар андан ары эмне болорун Юстиция министрлиги тактай алган жок.

Укук коргоочу Евгений Жовтис мурда «залака келтирүү» деген түшүнүк кимдир бирөөнүн ден соолугу жөнүндө сөз болгондо колдонулчу дейт. Ал эми материалдык же башка кесепеттер тууралуу – «зыян» деген терминди колдонушчу. Анын баамында, долбоордогу айрым формулировкалар эл аралык юридикалык нормаларды бузуу болуп саналат. "Азыркы сунуштар СССР кездеги антисоветтик пропаганда үчүн каралган беренени модернизациялоо аракети", - дейт Жовтис:

- Жарандыктан чыгаруу 1993-жылкы Конституциядан алынган, 1995-жылкы Баш мыйзамда андай жаза жок болчу. Себеби тоталитардык мамлекеттин, советтик режимдин белгиси катары каралып келген. Аны кайрадан акырындап киргизип коюшту. Андай түзөтүү элдин талкуусуна алынып чыккан эмес. Ал адамдарды эмне кылышат? Казакстан жарандары болбой, бирок өлкөдө жашай беришет. Эң кызыгы Конституция боюнча жарандыктан ажырата алышат, бирок өлкөдөн чыгарып сала алышпайт. Себеби аны алдын ала жакшылап ойлошкон эмес.

Евгений Жовтис.
Евгений Жовтис.

Укук коргоочунун айтымында, жада калса СССРде жарандыктан ажыратуу Ата Мекенге чыккынчылык кылуу үчүн гана каралчу. Жовтис Казакстан бийлиги экстремизмге каршы күрөшкө жамынып адам укуктарын жана эркиндиктерди чектеп жатат деген оюн айтат.

Жакында Конституцияга түзөтүүлөр киргизилгенден кийин Казакстан президенти мыйзамдарды өзгөртүү жана толуктоо жөнүндөгү буйругун чыгарган. Юстиция министрлигинин мыйзам долбоору мына ошол буйрукту аткаруу алкагында иштелип чыккан.

Буга чейин парламентте «конституциялык түзүлүштү сактоо, коомдук тартипти, жарандардын эркиндиктери менен укуктарын коргоо максатында» Баш мыйзамга жарандыктан чыгаруу нормасын бекитүү сунушталганын айтышкан. Бул норманы террордук кылмыштарды жасоо жана өлкөнүн өтө маанилүү кызыкчылыктарына зыян келтирүү үчүн соттун чечими менен колдонсо гана болоору белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG