Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Нур-Султан: энелер министрликтин алдында түнөштү


Казакстанда акцияга чыккан нааразы энелер. 9-июнь, 2020-жыл.
Казакстанда акцияга чыккан нааразы энелер. 9-июнь, 2020-жыл.

Казакстандын баш калаасында 8-июнь күнү нааразылык акциясын баштаган көп балалуу энелер Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдында түнөштү. 9-июнда акция уланды.

Алар министрликтин алдында үн катпастан колдоруна “Муктаж калктын насыялары кечирилсин”, “Ар бир балага 21 миң теңге жөлөкпул”, “Милдеттүү вакцинага каршыбыз”, “Ачкачылык жарыялайбыз” деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушат.

Нааразы аялдардын айтуусуна караганда, таң атканча бийлик өкүлдөрүнөн эч ким кабар алган эмес. Алар бийликтен эки пайыз жеңилдетилген ипотека берүүнү талап кылышууда.

Жыйырмадай аялдын жарымы үйүлөрүнө кетип, алардын орду жаңы келгендер менен толукталды.

Казакстанда көп балалуу аялдардын нааразылыгы былтыртан бери уланып келатат. Алардын акцияларынан соң бийлик көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү ар бир бала үчүн 21 миң теңгеден жөлөкпул төлөп берүү чечимин кабыл алган. Кийин “жардам сурагандар көп болгонуна” байланыштуу эрежелер өзгөрүп, жөлөкпул кыйла кыскарган. Жыл башынан тартып жөлөкпул жакыр деп таанылган гана үй-бүлөлөргө берилет.

XS
SM
MD
LG