Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Блэрдин Назарбаевге берген насааты сынга кабылды


Британиянын экс-премьер министри Тони Блэр жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Лондон, 2006-жыл.
Британиянын экс-премьер министри Тони Блэр жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Лондон, 2006-жыл.

Жакында эле маалымат каражаттарында мурдагы британ премьери Тони Блэрдин Казакстандын президентине эки жыл мурда жолдогон каты жарыяланды. Анда Блэр Назарбаевге Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуядан кийин Казакстандын беделин көтөрүү боюнча бир катар кеңештерди жазган.

Британиялык Sunday Telegraph басылмасы өзгөчө катты өткөн аптанын аягында жарыялады. Анын автору Британиянын экс-премьер-министри Тони Блэр Казакстандын президенти Назарбаевге Жаңы-Өзөндөгү окуялар боюнча Батышка кандай жооп берүүгө кеңештерди берет.

Эскерте кетсек мындан эки жыл мурда Маңгыс-Тоо облусунун Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын жети айлык нааразылык акциясынан кийин полиция аларга каршы ок чыгарган. Кандуу окуядан расмий маалыматтар боюнча, бери дегенде он жети киши мерт кетип, жүздөн ашууну жарадар болгон.

Экс-премьердин катындагы кеп-кеңештер Нурсултан Назарбаевдин 2012-жылдын июлунда Британиядагы атактуу Кембриж университетинде сүйлөй турган сөзүн утурлай жиберилген.

“Урматтуу Президент, Кембрижде сүйлөй турган сөзүңүзгө төмөнкү эки билдирүүнү кошуп алууну сунуштайм. Жаңы-Өзөн боюнча суроолорду таамай кабыл алып, ачык жооп берүү туура деп эсептейм. Бул окуядан кийин сиз бир топ өзгөртүүлөрдү киргизгениңиз факт. Кайгылуу окуя кандай болгон күндө да Казакстан жетишкен чоң прогресстерге көлөкө түшүрбөшү керек. Ошол себептен батыш прессасына мен сунуштагандай жооп берсеңиз туура болот. Бул сөздөр Казакстандын келечегине да пайдалуу болуп калышы мүмкүн”, - деген каттын үзүндүсү гезитке чыкты.

Блэр Назарбаевге өз сөзүндө Казакстандын НАТОнун күчтөрүнүн Ооганстандан чыгарылышына жана советтик доордун калдыктарын элестеткен ядролук куралдын баш тартууга кошкон салымын белгилей кетүүсүн эскертет. Кеп кеңеш жазылган кат «Лондондогу жолугушуубузду чыдамсыздык менен күтөм. Жакшы каалоо-тилектерим менен Сиздин Тони Блэр» деген сөздөр менен аяктап, экс-премьердин колу коюлат.

2007-жылы кызматтан кеткен Тони Блэрдин ишмердүүлүгүнө кылдат көз салып келген британ прессасы мурдагы өкмөт башчынын «Тony Blair Associates» (Тони Блэр асошийэтс) деп аталган фирмасы Казакстандын жана анын лидери Нурсултан Назарбаевдин жагымдуу имиджин түзүү менен алектенип жатканын бир нече ирет жазган. Бул кызматы үчүн фирма жылына жети миллион фунт стерлинг пайда көрөөрү жарыяланган.

Тони Блэр болсо Казакстан менен байланышуудан жеке пайда табаарын четке кагып келет. Анын маалымат катчысы бул катта чындык жазылганын, анткени Жаңы-Өзөндөгү кайгылуу окуялар бардык жерде айтылып турушу керектигин белгилейт. Блэр ар дайым Казакстанда адам укуктары боюнча бир катар көйгөйлөр бар экенин, ошол эле маалда экономика, диний сабырдуулук жана башка жааттарда мыкты көрсөткүчтөргө жеткенин белгилеп келээрин маалымат катчысы кошмучалайт.

Хьюман Райтс Вотч уюмунун өкүлү Хью Уильямсон Казакстандагы адам укуктары боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна Тони Блэр автократиялык лидерге кеңеш берип, ал үчүн миллион фунт алганын маскаралык деп сынга алды.

Уюмдун маалыматы боюнча, адам укуктары жаатында көйгөйлөр Казакстанда былтыр деле чечилген жок. 2013-жылы бийлик ар кандай мыйзамдарга шылтоо менен сөз эркиндигин кысымга алууну улантты.

Англияда баш калкалап жүргөн саясий мигрант жана казакстандык оппозициячыл саясатчы Ержан Досмухамедовдун айтымында, 2012-жылы Кембрижде президент Назарбаев менен өткөн жолугушууга ал да чакырылган, бирок баруудан баш тарткан. Казак диссидент Тони Блэр мурда эле диктаторлорго маселен, алардын катарында 2011-жылы өлтүрүлгөн Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафи дагы болгондугун белгилейт.

“Тони Блэрдин аракеттери кылмышка тете, анткени ал мындай кадамдары менен адамзатка каршы турган, Назарбаевдикиндей режимдерди колдоп жатат. Ал Батыш жана Британ элиталарындагы байланыштарын жана тааныштарын колдонуу менен диктаторлорго көмөктөшүп, Горбачевдун кайра куруу доорунда өнө баштаган демократиянын бүчүрлөрүн жок кылууга жардам берүүдө. Тони Блэр сыяктуу адамдар бар үчүн демократиялык күчтөр жана жарандык коом басмырланууда. Мындай күч менен басуу процесстери батыш интеллектуалдарына жана батыш коомчулугуна жетпей калууда» - дейт Досмухаммедов «Азаттыка».

Британиянын экс-премьеринин каты боюнча “Азаттык” бийликтеги “Нур Отан” партиясынын мурдагы катчысы Ерлан Каринге кайрылганда, ал бул тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын гана айтты. Ушундай эле жоопту парламенттин депутаты Нуртай Сабильянов да берди.

Британ прессасынын жазганына караганда, Нурсултан Назарбаев Кембриждеги сүйлөгөн сөзүндө Тони Блэрдин кеңештерин эске алганы менен Жаңы-Өзөн окуясын боюнча үн каткан эмес.

XS
SM
MD
LG