Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

"Нур Отандын" элден чогулткан миллиондору


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын форумунда
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын форумунда

Казак президентинин “Нур Отан” партиясына сыртынан мүчө болгон жаран мүчөлүк акысын кайтарып берүүнү талап кылууда. Көрсө, партияга мүчө болбосо да анын айлык маянасынан мүчөлүк акы кармалып келатыптыр. Негизи эле Казак президенти түптөгөн “Нур Отан” партиясы мүчөлүк акылардын эсебинен 2014-жылы 43 миллион доллар киреше тапкан.

Казакстандын Акмоло облусунун тургуну, бала бакчада тарбиячы болуп иштеген Наргиза Сосани “Нур Отан” партиясына кирип калганын өзү жакында гана билген. Партияга кабыл алынып эле калбай, аз маянасынан ай сайын 229 теңге мүчөлүк акы катары кармалып келе жатканы ал үчүн чоң жаңылык болду. Наргизанын айлыгы 33 000 теңге. Бул азыркы курс менен эсептегенде 95 долларга барабар.

- Айлык маянанын чыгашаларынын катарында партиялык төлөмдөр деген бөлүгү бар экен. Мен эч кайсыл партияга мүчө эмесмин. Бирок менин аты жөнүм “Нур Отан” партиясына мүчө деп жазылып турат. Менин айлыгымдан ай сайын партиянын эсебине акча которулуп келатыптыр. Мен эмне үчүн партияга мүчө болуп калганымды билбейм деп эсепчиден сурадым. Ал "катчы сизге кулактар кылып койгонду унутуп калган окшойт" деди. Бирок ал айтпай койгон күндө деле мен партияга кирүү үчүн арыз жазып, партбилет алышым керек да. Негизи эле мен эч кайсы партияга мүчө болгон эмесмин. Болсом да “Нур Отанга” кирмек эмесмин, - деген Наргизанын айтымында, кесиптештери анын партияга которулган акчаларды кайра талап кылганына таң талышкан.

Бирок ал, айтпай туруп, акчасын өөнөп калган мыйзамсыздыкка нааразы экенин билдирди:

- Мени партияга алышканын өзүмө айтып же менин макулдугумду бир ооз сурап коюшса болмок. Көрсө жогору жактан бардык бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин партияга кошкула деген буйрук келиптир. Анан бала бакча жетекчилиги бардык кызматкерлердин маяналарынан өөнөп, партиянын эсебине мүчөлүк акы кыркып туруптур. Менин айлыгым аз болсо, ал аз келгенсип, ошол аз айлыктан да өөнөп калышканына мени каршы болот деп ойлонуп коюшпаптыр.

Наргизанын айтымында, анын 95 доллар айлыгынан партиядан тышкары кесиптик кошуунга мүчөлүк акы жана мамлекеттик гезиттер үчүн да бир бөлүгү кармалып келатат.

Наргиза Сосани «Нур Отанга» мүчө эместерден мүчөлүк акы алганына ачык нааразылык билдиргенден кийин райондук билим берүү башкармалыгы Наргизанын маянасынан мүчөлүк акы алуу токтотулганын кабарлашкан.

«Нур Отандын» райондук бөлүмүнүн өкүлү Рахимжан Сейдахметов Наргизанын айлыгынан кыркылган акчалар кайтарылып берилерин билдирди.

- Алардын эсепчиси өздөрүндө. Ал мекемеде биздин болгону үч гана мүчөбүз бар. Наргиза Сосанинин айлыгынан мүчөлүк акыны адашып кармап келатышыптыр. Бул жылдын башынан бери жалпысынан 1603 теңге келип түшүптүр. Биз анын бардык акчасын кайтарып беребиз. Негизи партияга кабыл алууда ар кандай болот. Кимдир бирөө туура эмес түшүнсө, кайсы бир жетекчи жеткиликтүү түшүндүрө албай калат. Негизи мындай болбошу керек.

«Нур Отан» партиясынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 2014-жылы партия эсебине мүчөлүк акылардын эсебинен 1,3 млрд теңге түшкөн. Шайлоодон уткан партия катары бюджеттен дагы 3,3 млрд теңге алган. Андан башка кирешелерин кошкондо партия 2014-жылы жалпысынан 8 млрд теңге топтогон. Бул акча ошол кездеги курс боюнча 43 миллион долларга барабар болот. Маалыматтарга караганда, "Нур Отан" партиясынын 800 миңдей мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG