Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Казак полициясы акцияга чыккандарды кармады


Ишемби күнү Казакстандын бир нече шаарынан бийликке нааразы болуп көчөгө чыккан адамдар кармалды. Буга катар коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Нур-Султан жана Алматы шаарында бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн “Казакстан демократиялык тандоо” кыймылынын митингинде ондогон кишилер кармалды. Саясий кыймыл Казакстандын бир нече шаарында нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары Алматы шаарында кармалгандар “Шал, кет!” (“Чал кет!”), “Оян, Қазақстан” (“Ойгон, Казакстан”), “Назарбаев кетсин!” “Дарига кетсин!” кыйкырышканын маалымдады. Кармалгандар полициянын аракетине нааразы болушууда. Кабарчылар окуяны чагылдырууда тоскоолдукка учурашты.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарлашынча Нур-Султандагы Республика проспектисиндеги “Жаштар” сарайынын жанында полициянын автобустары турат жана жарандык кийимчен кишилер жүрөт. Имаратка кирүүчү жол жабылды, жанындагы соода түйүндөр жана финансы уюмдары иштеген жок.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары Алматы шаарынын борбордук аймактарында мобилдик интернет үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдашты. Нур-Султандагы “Жаштар” сарайы жайгашкан райондо дагы ушундай кырдаал түзүлгөн.

Алматыдагы Астана аянтында полиция кызматкерлери жана Ички иштер министрлигине караштуу атайын бөлүктүн кызматкерлери турат.

22-февралда эртең менен Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөргөн топтун да ондон ашуун мүчөсү кармалган. Алар саясий активист Жанболат Мамайды бошотууну талап кылууга чыгышкан.

31 жаштагы Жанболат Мамай 21-февралда кечинде кармалган. Ал Казакстанда Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөрүп, топтун мүчөлөрү митинг өткөрүүнү пландап жаткан.

Активисттин жубайы Инга Аманбай жолдошун кармап кетүү жараянын видеого тартып, "Фейсбуктагы" барагы аркылуу түз көрсөттү. Анда бир нече полициячы Жанболат Мамайды күчкө салып кармап, автозакка салып кеткенин көрүүгө болот.

22-февралда Мамай үч суткага камалганы белгилүү болду. Карасай райондук полициясы Жанболат Мамайдын кармалышына эмнелер негиз болгонун жана ага кандай айып тагылганын тактап айтуудан баш тартты.

Ага чейин 22-февралда Астана аянтында жана баш калаадагы “Жаштар” сарайынын жанында 11 жылдан бери бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов жетекчилик кылган “Казакстан демократиялык тандоо” кыймылынын митинги болору кабарланган.

"Казакстан демократиялык тандоо" кыймылын оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн. Кыймыл 2018-жылы “экстремисттик” деп табылып, Казакстанда тыюу салынган. Башкы прокуратура болжолдонгон нааразылык акцияларынын алдында жарандарга жыйындар мыйзамсыз экенин эскерткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG