Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Назарбаев тууралуу экинчи тасма тартылууда


"Балалыктын көк асманы" тасмасынан бир көрүнүш
"Балалыктын көк асманы" тасмасынан бир көрүнүш

Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин өмүрүнө арналган үчилтиктин экинчи бөлүмү өлкөнүн түндүгүндөгү Темиртау шаарында тартылып жатат.

"Жол башчынын баскан жолу" деген үч бөлүктөн турган тасма Казакстанда мындан үч жыл мурда тартыла баштаган.

Назарбаевдин кантип боз үйдө чоңойгонун көрсөткөн "Балалыктын көк асманы" деген алгачкы тасма былтыр чоң экранга чыккан.

Назарбаевдин жаш кезин сүрөттөгөн "Темир тоо" деп аталган экинчи бөлүгү ушул тапта тартылып жатат. Үчилтиктин акыркысы "Өрт өзөн" деп аталып, Назарбаевдин андан берки турмушуна арналмакчы.

"Балалыктын көк асманы" тасмасынын жарнамасы
"Балалыктын көк асманы" тасмасынын жарнамасы
"Темир тоо" тасмасында Назарбаевдин жаш кези болуп, комсомолдун көрсөтмөсү менен Темиртау шаарындагы Караганда металл иштетүүчү ишканага орношот. Кийин ал Украинадагы Днепродзержинск шаарына жөнөтүлүп, ал жердеги заводдон темир эритүүчү оператор болуп кайтат.

Темиртау Казакстандын түндүгүндөгү Караганда областында жайгашкан. 180 миңдей киши жашаган бул шаар Советтер союзунун металл иштетүү өнөр жайынын дөө-шааларынын бири болгон. Темир кени чыккан аймактагы ушул шаарда Назарбаев жубайы Сара менен кол кармашып, турмуш курган.

"Фильм ойлоп чыгарылган жомок эмес, ал чындыкка негизделген", - дейт тасманын режиссёру Рустем Абдрашев. Анын айтымында, "маалымат Назарбаевди көрүп, билген адамдардан алынган, ал эми тасманын сценарийин Назарбаев өзү окуп чыгып, жактырган.

Назарбаев тууралуу көптөгөн китептер да чыгып келатат.
Назарбаев тууралуу көптөгөн китептер да чыгып келатат.
"Балалыктын көк асманы" чоң экранга чыкканда, Абдрашев кабарчыларга анын тасмасы, айрымдар ырастагандай, Назарбаевдин жеке башына сыйынуучулукту калыптандыруунун бир көрүнүшү эмес, "бул советтик доорго баа берүү аракети" деп ырастаган.

Азыр тасма Темиртаунун ар кайсы оодандарында, анын ичинде Маданият сарайында, электр кубатын чыгаруучу заводдо, темир эритүүчү жайда жана трамвай токтоочу деподо тартылып жатат.

Шаар көчөлөрүндө тургундарды массовкаларга келүүгө жана өткөн кылымдын 50-60-жылдарынан калган оокат, кийим-кечек тапшырууга чакырган жарнамаларды көрүүгө болот.

Ошол эле мезгилде, тасманы тартууга каражат кайдан келип жатканы анык эмес. Бул ишке тиешеси бар булактардын "Азаттыкка" билдиришинче, каржылоо тууралуу маалымат тасма тартылып бүткөндөн кийин ачыкка чыгарылат.

XS
SM
MD
LG