Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Үч жаран кулчулуктан кутулду


Өткөн аптанын этегинде Кыргызстандын 3 жараны Казакстандагы кулчулуктан бошотулганы маалымдалган. Бир нече жылдан бери дыйкан чарбаларында малай болуп бекер иштеп жүргөн аялдардын бирөө Кыргызстанга кайтып, дагы бир аял 17 жаштагы уулу менен реабилитациялык борбордо бир нече күн өткөргөндөн кийин ушул шаршембиде мекенине жөнөп кетишти.

Аларды таап, кулчулуктан куткаруу жана Кыргызстанга кайтаруу иштери менен Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу алектенген. Консул Эдуард Насиров журтташтарыбыздын таржымалын айтып берип, бөтөн жерге иш издеп кеткен жарандар алдамчылардын тузагына түшүп калбаш үчүн биринчи кезекте өздөрү жоопкерчиликтүү болушу керек деп белгиледи.

- Өткөн жума күнү (27-январда) Казакстандагы кулчулуктан Кыргызстандын 3 жараны бошотулганы кабарланган. Алар жөнүндө кененирээк маалымат бере аласызбы?

- Ал жарандар биздин консулдуктун кызматкерлери тарабынан табылып, маалымат каражаттарында кабарлангандай эле Алматы облусунун Эмгекши Казак районунан алынып чыккан. Замира Султанбекова аттуу аял уулу менен Казакстанда 10 жылдан ашуун убакыттан бери жүрүшүптүр. Албетте, бул өздөрүнөн алынган маалымат. Мухабат Узакова деген аял болсо 10 жылга жетпеген убакыттан бери бул жакта жашап жүргөн экен. Эки аял бир дыйкан чарбасында иштеп жүргөн жеринен таанышып калат. Алар Казакстандын бир нече жаранынын чарбасында иштешиптир.

Бул маалыматты биздин консулдук тейлеген аймакта жашаган кыргызстандык эмгек мигранттарынан оозэки укканбыз. Мына азыр эле Замира Султанбекованын кагаздары колубузга тийди. Биз Миграция боюнча эл аралык уюмунун Казакстандагы кеңсеси менен байланыштык. Султанбекова жана анын уулу Жээнбек Ташматовдун Кыргызстанга кайтуу үчүн керек болгон кагаздарын даярдадык. Алар бир нече күнгө “Сезим” реабилитациялык борборуна жайгаштырылышат.

- Демек, Кыргызстан жарандарын бошотуу иши Эл аралык миграция уюмунун көмөгү менен жүргүзүлүп келген турбайбы?

- Жок, бул багытта консулдук өз алдынча иш алып барган. Бирок аларды 9-январда ошол айылдан алып келгенден кийин бир жерге жайгаштырыш керек болчу. Башкы консулдукта андай шарт жок. Алгачкы бир нече күн бизде түнөштү. Ал аралыкта биз Миграция уюмунун Алматыдагы миссиясы менен сүйлөшүп, убактылуу баш паанек табууну өтүнгөбүз. Алар коомдук фондго жайгаштырылышкан, ал ошол эле реабилитация борборунун бир түрү экен.

- Кулчулукка түшүп калгандар жөнүндө башка мигранттардан угуп турсаңар керек. Ошондой абалга кептелген башка кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар барбы?

- Тилекке каршы, биз андай жарандар жөнүндө ошондой факт катталгандан кийин билип калабыз. Иш издеп Кыргызстандан кеткен же дайынысыз жоголгон адамдар жөнүндө толук маалыматты биз камтый албайбыз. Себеби акыркы жылдары Кыргызстанда мыйзамдар либералдашып, жарандар чет өлкөлөргө эркин каттап калышты. СССРдин тушундагыдай консулдук каттоо деген түшүнүк иш жүзүндө жоюлду. Анда жарандар каттоого турууга милдеттүү болчу. Азыр болсо кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ болуп калган.

Мурдагы Конституцияны жана Жарандык жөнүндөгү буга чейинки мыйзамды алсак, 3 жылдын ичинде консулдук каттоого турбагандар жарандыгын жоготуп коюшат деп айтылган. Азыр андай жобо жок. Ошондуктан миграция көзөмөлдөн чыгып кетти. Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарын тейлеген Башкы консулдукта каттоодо 12 миңдей киши турат. Ооба, кыргыз мигранттарынын басымдуу бөлүгү Россияда жүрүшөт. Бирок проценттик көрсөткүчтү алсак, 30 пайыздайы Казакстанга туура келиши керек.

Жогорудагыдай абалга туш болгон жарандарыбыз жөнүндө биз башкалардан билип калабыз. Анан сураштырып, болжолу менен кайсы жерде болушу мүмкүн экенин аныктоого аракеттенебиз. Казакстан чоң өлкө, Кыргызстандын географиясы менен салыштырып болбойт. Башкы консулдук андай учурлар жөнүндө маалымат түшкөндө гана кабардар болот.

- Мына бүгүнкү күнгө карай кул болуп жүргөн Кыргызстандын башка жарандары тууралуу маалымат барбы?

- Андай маалымат жок. Болсо да, аны азыр бере албайт болчубуз.

- Акыркы жылдарды алсак, жогорудагы 3 жаранга чейин кулчулуктан бошотулган кыргызстандыктар көп болдубу?

- Андай учурлар маал-маалы менен болуп турат. Бирок ар бир жолу кулчулук жөнүндө кеп болуп жатканы такталууга тийиш. Кул деп эркин эмес, кыймыл-аракеттери чектелген, эмгек акысы берилбей, бекер малай болуп иштеген адамды атайбыз. Анан андай учур жөнүндө жарандардын өзүнөн арыз түшүшү керек. Бул ирет биз кулчулук фактысы жөнүндө эмне себептен билдирдик? Себеби бул адамдар 10 жылдай иштеп, бир сокур тыйын алышкан эмес. Бардык документтерин тартып алышкан. Ким алганын так айтып бере алышпайт. Эмне дегенде, бул жылдардын ичинде бир нече дыйкан чарбасында иштешкен.

- Бошотулган Жээнбек Ташматов азыр 17 жашта экен. 10 жылдай малай кылып кармап жүрүшсө, кулчулукка бала кезинде эле түшүп калган турбайбы. Ал доктурлардын, психологдордун жардамына, реабилитацияга муктаж болсо керек?

- Ооба, туура. Айтайын дегеним, ал Казакстанга апасы менен кошо келиптир. Колумда мына кагаздары турат, Ош облусунан болушат экен. Баласы үйүндө төрөлүп, күбөлүк же башка бир да документ жаздырып албаптыр. Мекенинде жүргөндө да уулу окууга барбаптыр. Замира Султанбекованын дагы 2 чоң кызы бар экен. Бирөө ушул эле жерде эмгек мигранты болуп жүргөн жердешине турмушка чыгыптыр. 15 жашка чыкканда эле күйөөгө берип коюптур. Анан мыйзамсыз жол менен Казакстанга акча табыш үчүн келет. Өзү ушундай абалга кептелгени аз келгенсип, 3 баласын тең бул жакка көчүрүп келиптир.

- Аларды малай кылып жүргөн адамдар жоопко тартылабы?

- Андай маалыматты азырынча сиздер менен бөлүшө албайм.

- Казакстанга жалданып жумуш издеп барган кыргызстандыктарга кандай кеңеш берет элеңиз? Алданып, кулчулуктун торуна түшүп калбаш үчүн кандай негизги, маанилүү эрежелерди билип жүрүү зарыл?

- Эң негизгиси – чек арадан өткөндө эле бул өлкөгө кандай максат менен келишкенин так жазуу кеңешин берет элем. Биздин жарандардын көпчүлүгү жеке максат менен деп айтып коюшат. Бирок бул категорияга 1 айга чейин, маселен, туугандарына конокко же эс алууга келишкендер гана кирет. Жумушка келген болсо, анда колунда иш менен камсыз кылган тарап менен түзүлгөн тиешелүү келишим болушу керек. Дагы бир маанилүү кеңеш: паспорт же кимдигин аныктаган башка документтерди эч качан башка бирөөгө бербегиле. Албетте, ата-энелер жоопкерчиликти сезишсе жакшы болот эле.

- Эми бул эне менен бала Кыргызстанга жөнөтүлгөндөн кийин алардын мындан аркы тагдыры кандай болот?

- Алар эми камкордук көрүү (опека) органдарынын карамагына өтүшөт. Биздин билишибизче, Кыргызстанда жашай турган үйлөрү жок. Султанбекованын айтымында, мурдагы күйөөсү үйүн сатып жибергенби же күрөөгө койгон. Айтор, бараар жери жок экен...

XS
SM
MD
LG