Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Казак эгемендигине шек келтирген аял соттолду


Татьяна Шевцова-Валова
Татьяна Шевцова-Валова

Казакстанда өлкөнү Орусиянын курамына кошууга чакырган орус улутундагы жаран соттолду. Татьяна Шевцова-Валова төрт жылга эркинен ажыратылды.

Казакстанда өлкөнү улуттар аралык касташууну козуткандыгы үчүн Орусиянын курамына кошууга чакырган орус улутундагы жаран соттолду. 31-мартта Алматыда сот Татьяна Шевцова-Валованы төрт жылга эркинен шарттуу ажыратты.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал социалдык тармактарда казактарды «чурки» деп мазактап, ошондой эле "Крым Орусияга кандай кошулса, Казакстан да Орусиянын карамагында болуш керек" деп жазган. Бул иш боюнча соттук териштирүү быйыл январда башталган.

Тергөө учурунда Шевцова-Валова үй камагына алынган болчу. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген.

Орусия Крымды былтыр аскер жиберип, жергиликтүү парламентти басып алууну уюштургандан кийин өзүнө кошуп алган. Крым сыяктуу эле казак жергесинде көп сандаган орус тилдүү калк жашайт. Ошол эле убакта Казакстан Орусиянын жакын шериги жана Москвадан 1991-жылы акыркы болуп өз алдынчалык жарыялаган өлкө болуп саналат.

Өлкөдө 17 миллион калктын ар бир төртүнчүсү орус тектүүлөр. Алардын көбү Орусия менен чектеш түндүк аймактарда жайгашкан. Эки өлкөнүн ортосундагы жети миң чакырымдык чек ара Евразия континентиндеги эң узун чек ара тилкеси болуп саналат. Анын айрым жерлери бүгүнкү күнгө чейин тактала элек.

Былтыр декабрда президент Нурсултан Назарбаев өлкөнү көз карандысыздык күнү менен куттуктап, "Казакстан өз алдынчалыкка ата-бабалардын талбас күрөшү, каны жана кажыбас эмгеги менен жеткен" деген эле.

Ал 2015-жылы монгол-түрк урууларынын башын бириктирген казак каганатынын 550 жылдыгы белгиленет деп жарыялаган. Бул орус президенти Путиндин август айында «казактарда эч качан мамлекеттүүлүк болгон эмес» деген ырастоосуна берилген жооп деп бааланган.

Назарбаев сүйлөгөн 15-декабрда баш калаа Астанада сот казакстандык жаран Евгений Вдовенкону Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилдер тарабында согушканы үчүн беш жылга эркинен ажыраткан.

Бул күнү Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев ШОСтун жыйынына келип, Астанада жүргөн болчу.

XS
SM
MD
LG