Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Улуттук тест мектеп директорлорун иштен кетирди


Казакстан.
Казакстан.

Казакстанда мектептеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуунун радикалдуу ыкмасын колдонууга өтүштү. Улуттук тестте начар жыйынтык көрсөткөн мектеп жетекчилерин кызматтан алуу өнөктүгү күч алууда. Мындай чарага нааразы болгон директорлор президентке чейин кат жазып, кызматын сактап калуу аракетинде.

Казакстанда окуучулар тапшырган Улуттук тесттин жыйынтыгынан кийин бир нече мектептин директору иштен кетти. Жер-жерлердеги билим берүү башкармалыктары окуучулары тесттен эң аз упай топтогон мектептердин жетекчилеринен өз ыктыяры менен кызматын тапшырууну талап кылганы кабарланууда.

Маселен, Казакстандын Сарыагаш районундагы алты мектептин директорлору дал ушул тесттин жыйынтыгынан кийин кызматын тапшырды. Түштүк Казакстандагы Сарыагаш районунун окуучулары улуттук тесттен өлкө боюнча эң начар жыйынтыкты көрсөтүшкөн.

Бирок окуучулардын билим деңгээлине жооптуу эместигин ырастап, 22 мектептин директору Казакстандын Башкы прокуратурасынан тарта президентке чейин нааразылык катын жолдошту. Каттын авторлорунун бири Каркара Анарбаева буларды айтты:

- Райондук билим берүү башкармалыгы биздин мектептин окуучулары Улуттук тесттин жыйынтыгында төмөн упай топтогону үчүн бизге өз ыктыярыбыз менен кызматтан кетүүнү талап кылды. Аны шылтоо кылып райондон мага тынымсыз телефон чалып атышат. Ошондуктан телефонумду да өчүрүп салгам. Райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Мурат Махановдун буйругу менен 15 мектептин окуу бөлүмдөрүнүн башчылары кызматтан алынган. Ал Улуттук тесттин жыйынтыгына түздөн-түз жооптуу катары ошол окуу бөлүмдөрү жазаланышын талап кылган. Менин орунбасарым өз ыктыяры менен жумуштан кетти. Эми мектеп директорлорун да айдап атышат.

Сарыагыш районундагы дагы бир мектептин директору Рахымжан Мекембекулы Улуттук тесттин жыйынтыгы көп нерседен көз каранды дейт. Рахымжан Мекембекулынын айтышынча, ал жетектеген мектеп быйылкы Улуттук тесттин жыйынтыгы боюнча райондогу 109 мектептин ичинен 105-орунга илинген. Ал мындай төмөнкү көрсөткүчкө бир нече себептер таасир эткенин айтат.

- Мен быйылкы Улуттук тестти тапшырууга бүтүрүүчүлөрдүн 95% катыштырдым. Анткени ал ар бир окуучунун укугу. Башка мектептерде болсо Улуттук тестке бүтүрүүчүлөрдүн жакшы окуган 50% гана катыштырды. Биздин мектептин жалпы жыйынтыгын начар окугандар артка тартып кетти. Ошондуктан Улуттук тест аркылуу мектептердеги билим берүүнүн сапатын аныктоо туура эмес. Буга чейинки эксперименталдык тесттерде алты жолу тең биздин окуучулар жакшы жыйынтык көрсөтүшкөн эле. Балким балдар толкунданышат чыгаар.

Мектеп мүдүрү Рахымжан Мекембекулынын билдиришинче, райондук билим берүү башкармалыгы кызматтан өз эрки менен кетпегендер айдаларын эскерткен. Бирок көп директорлор мындай чараны мыйзамсыз деп эсептешет.

Деген менен билим берүүсү начар уюштурулган мектеп директорлорунан кызматтан өз ыктыяры менен кетүү талап кылынып жатканын расмий бийлик танбайт. Казакстандын Сарыагаш райондук билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Раушан Төлендинова билим сапатынын көрсөткүчү начар болгон мектептердин жетекчилери же окуу бөлүмүнүн башчылары кызматтан кетиши талап кылынганын ырастады. Анын пикиринде, окуучуларга жакшы билим берүүнү уюштура албаган жетекчилер кызматта отуруудан уялышы керек.

- Чындыгында эле билим берүү башкармалыгы Улуттук тесттин жыйынтыгы боюнча мектептердин окуу бөлүмдөрүнүн башчыларына карата чара көрүү сунушу айтылган. Директорлорго карата эч кандай басым болгон жок. Тескерисинче директорлорго окуу бөлүмүн башкарып көрүү сунушталган. Албетте, мектеп директорлору Улуттук тесттин жыйынтыгы боюнча деген жүйө менен иштен алынбайт. Бирок билимдин сапатын түшүрүп жиберген, ээлеген кызматына шалаакы мамиле кылган, деген жүйө менен айдап салууга толук негиз бар. Негизи балдарга сапаттуу билим берүүнү камсыздай албаган директорлор өздөрү эле кызматын тапшырып бериши керек да элди убара кылбай.

Казакстан мындай чараларды мектеп директорлоруна карата буга чейин да колдонуп келген. Маселен, 2012-жылкы Улуттук тесттин жыйынтыгынан кийин Кызылордо облусунан ошол кездеги акиминин буйругу менен 27 мектептин директору тобу менен кызматтан айдалган.

XS
SM
MD
LG