Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

“Жихадчы” балдарын издеген ата-энелер


Сирияга кеткендердин бири Арман Абжан.
Сирияга кеткендердин бири Арман Абжан.

Казакстандан Сирияга “жихадга” кеткен балдарын издеген ата-энелер көбөйдү.

Караганда облусунан кеткен үч жигиттин ата-энелеринин бирөөсү баласын көрө албай, экинчиси баласы менен көрүшүп келди. Бир аял болсо “жихадчы” баласынан кабар алганы барган соң ошол жакта калууну чечкен.

Жезказган шаарынын тургуну Адил Бейсенбиев (аты-жөнү өзгөртүлдү) Караганда облусунан Сирияга “жихадга” кеткен үч жигиттин артынан ата-энелери издеп чыкканын “Азаттыктын” казак кызматына маалым кылды:

– Сирияда жүргөн Кеңгир айылынын жигиттери Алжан Төлеген, Жанат Сактаганов, Алмаз Майлышевди жакындары артынан издеп барды.

Сирияда "жихадда" жүргөн Жанат Сактаганов
Сирияда "жихадда" жүргөн Жанат Сактаганов

"Жихадга" кетти делинген карагандалык жигиттердин бири Жанат Сактагановду көрүп келген апасы Саттигүл менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Анткен менен баланын кайнатасы Игенбай Ермаганбетовдун пикирин уга алдык. Ал Саттигүл кудагыйы Сирияга барып келгенин тастыктап, күйөө баласынын артынан кызын жибербей турганын “Азаттыктын” кабарчысына айтып берген.

Жанат унчукпаган, жоош бала эле. Быйыл августтун этегинде бир күнү эле эч кимге айтпастан, эч нерсесин албай эле кетип калды. Жашоосу деле жаман эмес болчу. Кызым бир жаштагы бөбөгү менен азыр Жанаттын үйүндө эле жашап жатат. Күйөөсү менен интернет аркылуу баарлашып турат. Кызыма “Жанаттын артынан кетпейсиң, болбосо мен сени үйгө алып келип алам” дедим.

Игенбай Ермагамбетов ошондой эле Сирияга баласынын артынан издеп кеткен жердеши ошол жакта калып калганын кошумчалады. Ал аялдын эми кайтар-кайтпасы белгисиз.

Ал эми "Ислам мамлекети" радикал уюмунун катарында согушуп жүрөт делген Алжан Төлегендин атасы Сирияга өтө албай, Стамбулдан кайтып келгенин “Азаттыкка” ырастап, бирок маалымат берүүнү каалаган жок.

Кеңгир айылынан Сирияга кеткен дагы бир жигит үй-бүлөсүн кошо ала кеткен. Айыл имамы Медеттин айтымында, ал жигиттер мечитке тынбай келип турчу.

Алар мечитке келип, маселе угуп турушчу. Бирок биздин жаныбызда бир саат отурса, интернет аркылуу, менин байкоомдо, чет элдик “жихадчылар” менен таң атканча баарлашып чыкчу. Беш-алты ай мурда алар интернет аркылуу «Ирак менен Шамда ислам халифатын курдук, Абу Бакир ал-Багдади деген халифибиз, өз мыйзамыбыз, аскерибиз, эки миллиард доллар бюджетибиз бар» деп үгүт жасап, биздин жаштарды чакырып жатканы тууралуу угуп калгам.

Санаага түшкөн ата-энелер балдары Сирияда экенин интернетте тараган видеолор аркылуу билишкен. Интернетте казакстандык делген “жихадчынын” эң алгачкы видеосу былтыр күзүндө жарыяланган.

Ержан Даниханов
Ержан Даниханов

Өткөн жекшембиде “Сириядагы кичинекей «жихадчы» казак балдары” делген видео интернетте пайда болгон. Анда казакча сүйлөгөн балдар эпчилдик менен автоматты колдонуп жатканы сапаттуу видео камера менен тартылган.

Казакстан прокуратурасы интернет аркылуу терроризмди пропагандалабоого чакырып, расмий түрдө бир нече баракчаларга кулпу койгонун маалымдаган.

Өткөн аптада Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы экстремисттик «Ислам мамлекети» уюмунун катарына кошулгандардын саны үч жүздөн ашканын кабарлаган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG