Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Алматыда Сириянын өкүлчүлүгү өрттөлдү


Алматынын сыртындагы Сириянын өрттөлгөн консулдугу. 17-июль, 2012-жыл
Алматынын сыртындагы Сириянын өрттөлгөн консулдугу. 17-июль, 2012-жыл

Казак бийликтери расмий түшүндүрмө бере элек, сириялык дипломаттар өрттү өз мекениндеги кандуу жаңжалга байланыштырды. Учурда ушул божомол маалымат каражаттарында үстөмдүк кылууда.

Алматынын ныптасындагы Карасай районунун Акжар кыштагына жакын жерде сириялык дипломаттардын кеңсеси өрттөлдү. Мурда бул имаратта Сириянын элчилиги жайгашкан. Алматы полициясынын билдирүүсүндө өрт чалган имаратты элчиликтин кызматкерлери эс алуу үйү жана кеңсе катары пайдаланышкан.

Казакстандын КТК сыналгысы имараттын 3-кабаты толугу менен күйүп кеткенин көрсөттү. 3-кабаттагы ардактуу консулдун кеңсеси, документтери менен бирге күлгө айланса, эс алуу бөлмөлөрүн, дипломатиялык сүйлөшүүлөр өткөн залды жалын катуу чырмаган. Консулдуктун кызматкерлери кара өзгөйлөр күйүүчү май толтурулган бөтөлкөлөрдү 3-кабатка ыргытканын, андыктан имараттын 2 жана 3-кабаты катуу жабыркаганын айтышууда.

Ал эми имараттагы кымбат баалуу оокаттарга эч ким тийген эмес. Өрттүн себептери менен күнөөлүүлөрдү Алматы облустук полиция иликтөөдө. Ал ортодо сириялык диломаттар анын себептерин өз Ата журтундагы кандуу жаңжал менен байланыштырууда.

Сириянын Казакстандагы ардактуу консулу Самир Дерех КТК сыналгысына өрттөлгөн имаратты көрсөтүп жатып мындай деген түкшүмөлүн айтты:

- Азыркы Сириядагы негизги көйгөйдү радикалдык диний уюмдар жаратууда. Алар акылдан тайган адамдар, алардын колунан баары келет. Бул жерде да алардын изи көрүнүп турат. Эгер бүгүн үйдү өрттөсө, эртең киши өлтүрүшөт. Мен кайдан билем? Мен эми бул жерде жашай албайм...

Казакстандагы Сириянын жалгыз дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн имараты 9-июлда өрттөлсө дагы, ал тууралуу кабар маалымат агенттиктерде 8 күндөн кийин тарады. Айрым байкоочулар болсо Сириянын ардактуу консулу Самир Дерех Казакстанда чоң ишкердик менен алектенгендиктен, өрттү анын бизнес талаш-тартышы менен байланыштырууда.

"Биз болсо ички иштер органдары качан иликтеп, эмне, кандай болгонун аныктаарын күтүп атабыз. Азырынча алар тараптан эч кабар алган жокпуз, күтүп атабыз", деди Дерех мырза өзү “Мир” телеканалына. Азырынча Казакстандын расмий органдары чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратындагы өрт боюнча эч маалымат бере элек.

Сирияда болсо кырдаал курч бойдон. Сирия өкмөтүнөн баш тарткан жогорку даражалуу аткаминер Башар Асаддын режими согушта химиялык куралдарды колдонуудан кайра тартпасын билдирди. Сириянын Ирактагы мурдагы элчиси Найеф Фарез болсо Би-Би-Сиге Хомстагы кармашта карапайым калкка каршы химиялык куралдар колдонулгандыгын айтып, Асаддын бийлиги өлкөдө чоң жардырууларды "Ал-Каиданын" колу менен жасап жаткандыгын дагы ачыктады.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG