Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Казак жараны Ташкенттеги аэропорттон жоголду


Түштүк Кореядан кайтып келаткан Казакстандын жараны Ташкент аэропортунан дайынсыз жоголду. 27 жаштагы Вохиджон Ниязовдун туугандары аны Өзбекстандын атайын кызматы кармап кетти деп болжолдошууда.

Түштүк Кореядан Ташкент транзити аркылуу кайтып келаткан Вохиджон Ниязов 28-июлда жоголгон. Туугандары ал сакалына жана телефонундагы диний материалдарга байланыштуу кармалышы мүмкүн деп болжолдошууда.

Ташкенттеги аэропортто Вохиджондун жанында болгон казакстандыктар анын тышкы келбети паспорт көзөмөл пунктуна жеткенче эле өзбек тартип сакчыларынын көңүлүн бурганын "Азаттыктын" өзбек кызматына айтып беришкен.

Уулунун дайынын билбей карайлаган Ниматжан Ниязов аны издеп Өзбекстанга жөнөгөнү турат:

- Вохиджонду иним аэропортто түнү менен күттү. Келбеди. Ал бизге келе жатканын айткан эмес, күтүүсүз кирип келип, кубандырмак экен. Болгону иниме гана "тосуп ал" деп кабар бериптир. Паспорту бар туугандарыбыз Ташкентке барып сураштырышты. Аларга уулумду бажы кызматында тышкы келбетинен улам шекшип кармап, кийин телефонунан диний маалыматтарды табышып, Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы кармап кетти деп айтышыптыр.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде Ниязов боюнча маалымат жок. Министрликтин өкүлү Ануар Жайнаков:

- Биз алгач бул маалыматтын чын-төгүнүн текшеришибиз керек. Экинчиден, кайсы орган, эмне үчүн кармап кеткенин билишибиз зарыл. Ошон үчүн ал жарандын туугандары бизге кайрылып, арыз жазышы керек. Биз анан тиешелүү органдарга кайрылабыз.

Ал ошондой эле эгер Казакстандын жараны кайсы бир өлкөдө кармалса бул тууралуу сөзсүз расмий Астанага билдирүү келерин кошумчалады. Айрым өлкөлөр бул тууралуу ошол заматта, айрымдары 5-7 күндө кабарлашарын айтты Жайнаков.

Ошол эле учурда буга чейин мындай окуя болгон эмес деп, Ташкент канча күндө кабарларын билбесин айтты. Вохиджондун жоголгонуна бир аптадан ашты. Атасы азырынча эч бир органга кайрыла элек.

Ниматжандын айтымында, жалгыз уулу Түштүк Кореяда төрт айдан көбүрөөк иштеп кайтып келаткан. Уулу алгач заводдо, кийин дарбыз талаасында, соңунда курулушта иштеген. Ошондой эле ал үйлөнө электигин, мекенинде мыйзамга каршы эч бир иш кылбаганын белгилейт.

Ал эми "Азаттыктын" өзбек кызматы Өзбекстандын күч түзүмдөрүнө кайрылып, жоголгон жигит боюнча маалымат алалган эмес.

Өзбекстан тартип сакчылары өзүнүн чек арасында чет өлкөлүктөрдү кармап, чөнтөк телефондорун аңтарып, андан диний мазмундагы материалдар үчүн кармаган учурлар буга чейин да болуп келген.

2012-жылы дагы бир казакстандык Ермек Космагамбетов өлкөнүн Өзбекстан менен чектеш жеринде курбу кызы менен эс алып жүргөндө кармалган. Өзбек атайын кызматтары анын компьютеринен кайсы бир файлдарды таап, кийин аны “экстремисттик” материалдар дешкен болчу. Бир нече айдан кийин Космагамбетов экстремизмге айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми кыргыз-өзбек чек арасында же эки өлкөнүн такталбаган аймактарында да кыргызстандык жарандарды чек араны бузду, аткезчилик кылды деген шылтоолор кармаган учурлар бар.

XS
SM
MD
LG