Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда ондогон энелер Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар балдардын санына карабай, ар бир балага ай сайын 21 миң тенге жөлөкпул төлөнүшүн талап кылышты. 50дөй эне алгач мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууну көздөп, президенттик резиденицияга кирүүгө аракет кылды. Бирок алардын жолун полиция менен атайын кызматтын өкүлдөрү тороп өткөрбөй коюшту.
Өткөн жылдын соңунда социалык камсыздоо жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, төрт же андан көп балалуулар тапкан кирешесине карабай жөлөкпул ала алат. Бул учурда ар бир балага орто эсеп менен 11 миң тенге төлөп берүү каралган. Ал эми тапкан кирешеси бир айга керектелчү каражаттан аз болгон үй-бүлөлөр даректүү социалдык төлөм үчүн кайрыла алышат. Коңшу мамлекетте жөлөкпулду көбөйтүү тууралуу талап бир жылдан бери айтылып келет. Кыргызстанда жөлөкпулдун орточо суммасы 875 сомду түзөт.