Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Казакстан: жанынан кечкен өспүрүмдөр арбыды


Дүйнөдө ар 40 секунда сайын бир киши өз жанын өзү кыят, болгондо да аялдарга караганда эркектер адатта эки-үч эсе көбүрөөк өз жанына кол салат.

Ошону менен бир жылда бул көрсөткүч бир миллионго жетет.

10-сентбрярда белгиленген суициддин алдын алуу күнүнө карата эксперттер өкмөт бул маселеге көңүл буруп, айрыкча акыл-эс оорусуна чалдыккандардын абалын жашыртууга чара көрбөсө, бул сандар өсө берээрин эскертишет.

Борбор Азияда турмуш деңгээли эң жогору деп эсептелинген Казакстанда айрыкча өспүрүмдөр арасында жанынан кечкендер көп.

Улуу муун арасында суициддин жогорку деңгээлде болушуна адатта финансылык кыйынчылык жана өтүшүп кеткен депрессия шыкак берет. Мисалы, Грецияда бул көрүнүштүн 50 пайызга өсүшүн өлкөдөгү оор экономикалык кризис менен түшүндүрүшкөн. Бирок өспүрүмдөр арасындагы жанкечтиликке келгенде, экс-советтик өлкөлөр тизменин эң алдыңкы орундарда турат. Алардын ичинен Орусия, Беларус жана Казакстан адатта дүйнөдөгү эң начар көрсөткүчү бар өлкөлөр бойдон кала берүүдө.

Эмне себептен турмуш деңгээли салыштырмалуу жогору болгон Казакстанда бул көрсөткүч мынча начар? Мында киши башына эсептегенде Улуттук дүң өндүрүшү 11 миң долларды, ал эми орточо айлык дээрлик 700 долларды түзөт.

1990-жылдардагы экономикалык кризистин мезгилинде Казакстанда жылына 100 миң кишиге 20-25 суицид туура келчү. Андан бери бул көрсөткүч 19га түштү. Бирок акыркы 20 жылда өз жанын өзү кыйгандардын тизмесинде жаштардын саны арбып баратат. 2012-жылдагы эсеп боюнча, өз жанын өзү кыйган 3 миңдей кишинин орто эсеп менен 200ү өспүрүмдөр болгон.

Адистердин айтымында, буга кайсы бир деңгээлде чөнтөк телефон, компьютер, социалдык медиага көз каранды болгон жаңы маалымат заманы күнөөлүү. Бүгүн жаш адам күнүгө мындан 20 жыл мурдагыга караганда 100 эсе көп маалымат алат жана бул анын нерв системасына оорчулук келтирет.

Эмне кылыш керек деген суроого адистер маалыматты азайтуу эмес, маалыматты кабыл алуунун жана аны электен өткөрүүнүн таасирлүү жолдорун үйрөнүү зарыл деп жооп берет.
XS
SM
MD
LG