Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Казакстанда 12 чек арачынын сөөгү табылды


Казакстан менен Кытайдын чек арасы.
Казакстан менен Кытайдын чек арасы.

Казакстандын чек ара кызматы 30-майда "Сары бөктөр" заставасында 12 аскердин сөөгү табылганын кабарлады.

Казакстанда Кытай менен чек ара заставасында өрттөн кийин казакстандык 12 чек арачы жана токойчунун сөөктөрү табылды.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Лариса Дмитрюк тараткан маалыматка ылайык, Коопсуздук комитетинин жогорку өкүлдөрү жетектеген тергөөчүлөр тобу чек арачылардын курал-жарактарын табышты. Буга чейин аскерлердин куралы жоголгону тууралуу маалымат тараган. Заставада болжолу менен 15 чек арачы бар болчу, бирок 12 кишинин гана сөөгү табылды. Калган 3 чек арачынын кайда экени беймаалым. Өрт эмнеден чыкканы дагы белгисиз.

Буга чейин чек ара кызматы тараткан маалыматта "Сары бөктөр" заставасына караштуу "Арканкерген" бекетинин имараты да өрттөлгөн. Казакстандын маалымат агенттиктери чек ара күзөтүндө турган аскерлерди бирөөлөр өлтүрүп кеткенин кабарлашты. Бирок расмий органдар азырынча мындай маалыматты тастыктай элек.

Бул чуулгандуу окуя боюнча Астанада бүгүн Казакстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, окуя болгон жерде аталган кызматтын башчысы, генерал-майор Мырзалиев баштаган топ иштеп жатканын, УКК жана ИИМ биргелешкен издеп-иликтөө иштерин баштаганын кабарлашты. Учурда чек арачылардын өлүмүнүн себеби аныкталууда.

Бүгүн эртең мененки маалыматтарда 15 чек арачы өлтүрүлгөнү, алардын арасында бир офицер, келишимдик негизде кызмат өтөгөн үч аскер жана катардагы он бир чек арачы бар экени айтылган. Алар казак-кытай чегиндеги коруктан дары чөптөрдү мыйзамсыз жыйноонун алдын алуу үчүн жазгы убакытта коюлчу мобилдүү постто турушкан.

12 чек арачынын жасатынан бөлөк, заставага жакын жердеги корукчунун үйүнөн да бир адамдын сөөгү табылган. Анын эки күн мурда өлтүрүлгөнү айтылууда.

"Азаттыктын" казак кызматы "Казтаг" маалымат агенттигине шилтеме жасап, коопсуздук кызматы чек ара заставасына чабуул жасалган, же адаттан тыш карым-катнаш болгон деп болжоп жатканын билдирди.

Маалыматтарга караганда, чек арадагы аталган мобилдүү бекет менен 30-майда байланыш үзүлүп калган. Анан бекетти текшергени келгендер бирөөлөр чек арачылардын сөөгүн бир жерге жыйнап койгонуна күбө болгон.

XS
SM
MD
LG