Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 13:54

Жынысын өзгөрткөн полициячы укугун талашууда


Мурдагы полициячынын адвокаты Жанара Балгабаева. 11-август, 2015-жыл, Алматы

Алматы шаар соту жынысын өзгөрткөн соң иштен алынган полициячынын арызын канааттандырбады. Моралдык зыяндын ордун толтуруу доосу да четке кагылды.

Алматы ички иштер департаментинин аял-кызматкери, полициянын старшинасы көп жылдан бери оперативдүү борбордо оператор болуп иштеп келген. Бирок жынысын өзгөрткөн операциядан кийин дароо ишинен ажырап калды. Ошондон бери жумушка кайра орношуу аракетинен майнап чыкпай, иши райондук соттон кийин шаар сотуна өттү.

Мурдагы полициячы кызматка кайра алууну, иштебеген күндөр үчүн жана адвокатка кеткен чыгымды төлөөнү жана моралдык зыян үчүн департаменттен 80 миллион тенге өндүрүүнү талап кылууда.

Алматы шаар сотунда анын апелляциялык арызы байкоочулар жана журналисттерсиз, жабык эшик артында каралды.

Бир катар укук коргоочулар соттун бул чечимин туура эмес деп эсептешет.

Доогер өзү сот жараянына келген жок, анын кызыкчылыктарын адвокаты Жанара Балгабаева жана ишенимдүү өкүлү Мадина Аимбетова коргошту. Алар соттук териштирүүнүн журналисттер үчүн ачык өтүшүн суранышкан.

- Бул жерде мамлекеттик сыр каралган жок. Арыз ээси жеке турмушуна тиешелүү маалыматтын шардана кылынышына каршы болбосо, эмне үчүн тыюу салыш керек? Мен бул суроону өткөн жумада апелляциялык соттук коллегиянын төрагасына узаткам. Ал төмөнкү инстанциянын судьясы процессти жабык өктөрүү менен ката кетиргенин айткан. Эми болсо кол алдында иштеген судья аны кайталап жатат, - дейт Аимбетова.

Ал эми Алматынын Ички иштер департаментинин өкүлү Айгүл Имашева доогер “өз каалоосу менен” иштен кеткен арызын тапшырганын айтып, комментарийден баш тартты.

Мурдагы полициячы “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысынын суроолоруна жооп берип, департамент жетекчилиги ал операция жасатып ооруканадан чыккандан кийин рапорт жазууга мажбурлаганын айтып берди. Ошол эле күнү ал рапортун кайра чакыртып алуу арызын жазганы менен, аны кабыл албай коюшкан.

Старшинанын айтуусунда, ички иштер кызматында иштеген 10 жылдын ичинде ал такай мактоо баракчаларын, сыйлыктарды алып келген.

Өткөн жылдын күзүндө мамлекеттик медициналык квотанын эсебинен бекер операция жасаттыргандан кийин кызмат өтөөнү улантууну көздөгөнү менен, жетекчилик ага кысым көрсөтө баштаган. Астанага жолдогон көптөгөн кат, арыздар жоопсуз калгандан кийин полициячы сотко кайрылууну чечкен.

- Утуларымды күн мурунтан эле билгем. Бул окуя көптөгөн кишилер, аткаминерлер гомофоб экенин далилдейт. Мен утсам, алар системага каршы чыгып жатышканын, тартип коргоо органдарында адам укуктары бузулуп жатканын моюнга алышканын туюндурат эле, - дейт мурдагы полициячы. Ал муну менен элек чектелбей жогорку сот мекемелерине, атүгүл Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине чейин жетерин айтат.

Азыр болсо эркектин атына жазылган жаңы документ алууга аракеттенип, жакшы көргөн аял менен никеге туруп, бакма баласын тарбиялоого киришмекчи.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG