Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Кокондук үй-бүлөнүн “элдик соту”


Youtube порталындагы видеодон алынган сүрөт
Youtube порталындагы видеодон алынган сүрөт

Соңку учурда Өзбекстанда сексуалдык кызмат көрсөткөн кыз-келиндерди өз алдынча жазалаган видеолор социалдык тармактарда байма-бай жарыяланууда.

Ушул сыяктуу соңку видео 14-ноябрда Youtube порталына жарыяланды. Анда Фергананын Йайпан айылынын тургуну үй-бүлөсү менен эки кызды сойкулукка айыптап, кетмендин сабы менен уруп-сабап, өздөрү жазалап жатканы тартылган.

Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордун арасында уурулук кылгандар, сойку же кумса делген адамдарды көчөдө кармап алып сабап, жылаңачтап, шылдыңдаган көрүнүштөр да бар.

Соңку жарыяланган видеодо Өзбекстандын Йайпан аймагындагы бир үй-бүлө эки кызды сойкулукка айыптап, колдорун байлап, кетмендин сабы менен уруп жатканы тартылган. Күндүз тартылган бул тасмада 50-55 жаштагы үйдүн ээси кыздарды башына, далысына чаап, алардын ким экенин, кайдан келгенин сурап, уят сөздөр менен тилдейт.

Ур-токмоктон башы кеңгиреген кыздар ата-энеси Орусияда экенин, аларды үйдөн айдап чыкканын жана жетим экенин айтып, сойкулук менен алектенгендердин тизмесин беребиз деп убада кылышууда.

Жергиликтүү тургун Бекпулат Ахмедовдун “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиргени боюнча, үч кыз Кокондогу Бабушкина деген аймактан Йайпан деген кошуна айылга сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн келишкен. Айтымында, Бабушкинада кыз-келиндерди сойкулукка иштеткен ортомчу аялдар же “мама Розалар” бар. “Милиция буларды калкалагандыктан бул үй-бүлө өздөрү кыздарды жазалап жатышат”, - деди Ахмедов.

Видеодогу үндөргө караганда үч кыз айылга хижап кийип келип, кийин чечип коюшкан. Бирөө качып кеткенге үлгүргөн. Кыздар өздөрүн сабап аткан кишинин инисине келгенин, телефондон пиво, арак алып тургула деп макулдашышканын айтышууда. Бир үй-бүлөнү бузуп жатасыңар деп тилдеген үйдүн кожоюну аларды өлтүрөм деп коркутат.

- Мен силерди өлтүрүп, көмүп таштайм. Бул ишим үчүн милиция кармап кетсе ыраазымын. Бул жерде кудайга ишенгендер жашай турганын билесиңерби?

Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, йайпандык бул тургун “адамдын денесине оор жаракат келтирүү”, “кыйноо” беренелери боюнча айыпталышы мүмкүн.

“Азаттыктын” өзбек кызматы бул видеону Фейсбук баракчасына талкууга койду. Бул “элдик сотту” колдогондор, адам укугун одоно бузуу деп каршы чыккандар да бар.

Өзүн Салах Ад Дин деп тааныштырган бирөө “өз алдынча жазалоого алардын эч кандай укугу жок. Мыйзам үстөмдүгү жок өлкөнүн жашоочулары да ушундай мыйзамсыз иштерди жасашат”, - деп жазган.

Жергиликтүү эксперттер милициянын жакшы иштебендигинен жана сот адилеттиги жоктугунан ушундай көрүнүштөр көбөйүп жатканын айтышат.

XS
SM
MD
LG