Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04
Жогорку Кеңештеги жыйын.
Жогорку Кеңештеги жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

14:41 15.11.2022

15-ноябрда “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери наркологияга алып кетти. Укук коргоочу бир нече адам менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдында турган. Алар эч кандай акция өткөрбөгөнүн, жөн гана отурушканын айтышты.

Милиция Азиза Абдирасулова "ичимдик ичип алганын" билдирип, аны текшерүү үчүн наркологияга алып кетти. Тартип кызматкерлери аны коё берүүнү талап кылган укук коргоочу Сапар Аргымбаевди да кармады.

Азиза Абдирасулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов тарабынан 14-ноябрда, кечинде аңгемелешүүгө чакырылганын жарыялаган. Укук коргоочу анын Фейсбукта жазган билдирүүлөрү боюнча сын айтылганын билдирген.

14:20 15.11.2022

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында 30дай киши Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышты. Арасында суу сактагычка жакын жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунан келгендер дагы бар. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, алар “Жерибиз ыйык жана кол тийгис”, “Жер үчүн бекем туруу кылмыш эмес”, "Эркиндик эл байлыгы" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Милиция Ак үйдүн алдында акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын айтууда.

00:09 13.11.2022

Кемпир-Абад иши: жапырт камоо, үч күндүк сот

Бишкек шаардык соту жана Биринчи май райондук соту үч күндөн бери 23-24-октябрда кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасын карап, көбүнүн чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
1/26 Бишкек шаардык соту жана Биринчи май райондук соту үч күндөн бери 23-24-октябрда кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасын карап, көбүнүн чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Сот отурумдары ачык өтүп, анын жүрүшүнө журнаисттер көз салууда.
2/26 Сот отурумдары ачык өтүп, анын жүрүшүнө журнаисттер көз салууда.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
23-24-октябрда жапырт кармалгандардын арасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, 63 жаштагы Гүлнара Журабаева да бар. 9-ноябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын биринчи карап, эки айга камакка алуу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
3/26 23-24-октябрда жапырт кармалгандардын арасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, 63 жаштагы Гүлнара Журабаева да бар. 9-ноябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын биринчи карап, эки айга камакка алуу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Бишкек шаардык соту 10-ноябрда Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын “кармалышы мыйзамдуу болгон” деген тыянак чыгарды жана мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
4/26 Бишкек шаардык соту 10-ноябрда Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын “кармалышы мыйзамдуу болгон” деген тыянак чыгарды жана мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Бишкек шаардык сотунун имараты.
5/26 Бишкек шаардык сотунун имараты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалган блогер Атай Бейшенбек сот залында президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

"Мен тараптан бир дагы чакырык болгон эмес. Мен керек болсо айып коюлуп жаткан комитетте мүчө эмес болуп жатсам, кафедеги чогулушка барбасам деле мага башаламандык уюштуруу айыбын коюп жатат. Урматтуу Садыр Нургожоевич (Жапаров - ред.) эсиңиздерде болсо керек, башаламандыктын коюлган айыбы кандай болуп чечилгени. Биздин дагы ишти окуп коюңуздар".
6/26 Кемпир-Абад иши боюнча кармалган блогер Атай Бейшенбек сот залында президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

"Мен тараптан бир дагы чакырык болгон эмес. Мен керек болсо айып коюлуп жаткан комитетте мүчө эмес болуп жатсам, кафедеги чогулушка барбасам деле мага башаламандык уюштуруу айыбын коюп жатат. Урматтуу Садыр Нургожоевич (Жапаров - ред.) эсиңиздерде болсо керек, башаламандыктын коюлган айыбы кандай болуп чечилгени. Биздин дагы ишти окуп коюңуздар".
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Активист Али Шабдандын бөгөт чарасын караган шаардык сот, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
7/26 Активист Али Шабдандын бөгөт чарасын караган шаардык сот, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга айыпталып эки айга камалган саясатчы Равшан Жээнбековдун апелляциялык арызын канааттандырган жок, Биринчи май райондук сотунун аны эки айга абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды.

Равшан Жээнбеков сотто сүйлөп жатып "Менин денемди камашыңар мүмкүн. Бирок менин ой пикиримди, саясий көз карашымды камай албайсыңар" деди.
8/26 Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга айыпталып эки айга камалган саясатчы Равшан Жээнбековдун апелляциялык арызын канааттандырган жок, Биринчи май райондук сотунун аны эки айга абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды.
Равшан Жээнбеков сотто сүйлөп жатып "Менин денемди камашыңар мүмкүн. Бирок менин ой пикиримди, саясий көз карашымды камай албайсыңар" деди.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып эки айга камалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, ага сот залынан "Тез жардам" чакыртылды. Нурлан Асанбеков сотто саясатка тиешеси жоктугун, Равшан Жээнбековдун үйүн ремонт кылып иштегенин, карыган апасын, эки кызын жалгыз багарын, бир кызы оорукчан экенин айтты. Камакка алынганга байланыштуу эсеби жабылы, жакындары кыйналып жатканын белгиледи.
9/26 Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып эки айга камалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, ага сот залынан "Тез жардам" чакыртылды. Нурлан Асанбеков сотто саясатка тиешеси жоктугун, Равшан Жээнбековдун үйүн ремонт кылып иштегенин, карыган апасын, эки кызын жалгыз багарын, бир кызы оорукчан экенин айтты. Камакка алынганга байланыштуу эсеби жабылы, жакындары кыйналып жатканын белгиледи.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Буга чейин Биринчи май райондук сотундагы көрүнүщ.
10/26 Буга чейин Биринчи май райондук сотундагы көрүнүщ.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
"Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камалган "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, активист Перизат Суранова да камакта калды.
11/26  "Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камалган "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, активист Перизат Суранова да камакта калды.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Жараян жүрүп жатканда Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында камалгандарды колдогон митинг акциялар байма-бай өтүп жатат.
12/26 Жараян жүрүп жатканда Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында камалгандарды колдогон митинг акциялар байма-бай өтүп жатат.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
10-ноябрда Улукбек Маматаевдин бөгөт чарасы тууралуу чечим күчүндө калды.
13/26 10-ноябрда Улукбек Маматаевдин бөгөт чарасы тууралуу чечим күчүндө калды.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Жарандык активист Рита Карасартованын да бөгөт чарасын өзгөргөн жок. Карасартова күн сайын текшерүүдөн өтүп жатканын айтты.

Жарандык активист "башаламандык уюштуруу" боюнча тагылып жаткан айыптарга макул эместигин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди:

"Кыпындай да күнөөм жок. Биздин аракетибиздин баары мыйзам чегинде. Кыймыл-аракетимде эч кандай мыйзамсыздык жок. Кемпир-Абад тууралуу элге туура эмес маалыматтар жетип жатат. Кемпир-Абад Кыргызстандын жери!".
14/26 Жарандык активист Рита Карасартованын да бөгөт чарасын өзгөргөн жок. Карасартова күн сайын текшерүүдөн өтүп жатканын айтты.

Жарандык активист "башаламандык уюштуруу" боюнча тагылып жаткан айыптарга макул эместигин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди:

"Кыпындай да күнөөм жок. Биздин аракетибиздин баары мыйзам чегинде. Кыймыл-аракетимде эч кандай мыйзамсыздык жок. Кемпир-Абад тууралуу элге туура эмес маалыматтар жетип жатат. Кемпир-Абад Кыргызстандын жери!".
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Бишкек шаардык соту ага чейин Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын кармалышын да мыйзамдуу деп тапты.

10-ноябрда Жогорку Кеңештин 20 чакты депутаты президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдарды бошотууну өтүнүштү.
15/26 Бишкек шаардык соту ага чейин Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын кармалышын да мыйзамдуу деп тапты.

10-ноябрда Жогорку Кеңештин 20 чакты депутаты президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдарды бошотууну өтүнүштү.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Бектур Асанов Бишкек шаар сотунда. 10-ноябрь, 2022-жыл. Анын апелляциялык арызы канааттандырылган жок.
16/26 Бектур Асанов Бишкек шаар сотунда. 10-ноябрь, 2022-жыл. Анын апелляциялык арызы канааттандырылган жок.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Айбек Бузурманкуловго чыккан райондук соттун чечими күчүндө калганы белгилүү болду. Буга чейин ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына 20-декабрга чейин камалган.
17/26 Айбек Бузурманкуловго чыккан райондук соттун чечими күчүндө калганы белгилүү болду. Буга чейин ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына 20-декабрга чейин камалган.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин жактоочулары 10-ноябрда акцияга чыгышты. Асановдун доо арызы да канааттандырылган жок.
18/26 Саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин жактоочулары 10-ноябрда акцияга чыгышты. Асановдун доо арызы да канааттандырылган жок.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Акыл Айтбаевдин сот залына алынып келген учуру. Ал да камакта калды.
19/26 Акыл Айтбаевдин сот залына алынып келген учуру. Ал да камакта калды.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыровдун да бөгөт чарасы өзгөргөн жок.
20/26 Ички иштер министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыровдун да бөгөт чарасы өзгөргөн жок.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
10-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Эрлан Бекчоро уулун да камакта калтырды. Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакка алган.
21/26 10-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Эрлан Бекчоро уулун да камакта калтырды. Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакка алган.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Чыңгыз Капаров (солдон биринчи), Кеңешбек Дүйшөбаев (ортодо) жана Марат Баязов (солдо).

Чыңгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №3 Нарын округунан катышкан. 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен шек саналып, кармалган.
22/26 Чыңгыз Капаров (солдон биринчи), Кеңешбек Дүйшөбаев (ортодо) жана Марат Баязов (солдо).
Чыңгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №3 Нарын округунан катышкан. 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен шек саналып, кармалган.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
11-ноябрда сот Айданбек Акматов боюнча мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Журналист бөгөт чарасын карап жаткан судьяларга кайрылып, Конституция бузулуп жатканын белгиледи.

"Бизди соттой турган болсоңуздар Конституцияга чогулганга, сүйлөшкөнгө, талкуулаганга болбойт деп жазып коюңуздар. Ошондон кийин соттой бериңиздер", - деди Акматов сот залында.

Сот жүрүп жаткан маалда журналисттин тарапташтары аны бошотуу талабы менен акция өткөрүштү.
23/26 11-ноябрда сот Айданбек Акматов боюнча мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Журналист бөгөт чарасын карап жаткан судьяларга кайрылып, Конституция бузулуп жатканын белгиледи.

"Бизди соттой турган болсоңуздар Конституцияга чогулганга, сүйлөшкөнгө, талкуулаганга болбойт деп жазып коюңуздар. Ошондон кийин соттой бериңиздер", - деди Акматов сот залында.

Сот жүрүп жаткан маалда журналисттин тарапташтары аны бошотуу талабы менен акция өткөрүштү.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасы да өзгөргөн жок.
24/26 Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасы да өзгөргөн жок.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Бишкек шаардык сотунун имаратынын астында милиция кызматкерлери күзөттө турушууда.
25/26 Бишкек шаардык сотунун имаратынын астында милиция кызматкерлери күзөттө турушууда.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Активистердин сот отуруму өтүп жаткан сот залы.

Кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Азимбек Бекназаров, Канат Исаев, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.
26/26 Активистердин сот отуруму өтүп жаткан сот залы.
Кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Азимбек Бекназаров, Канат Исаев, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 9-10-11-ноябрда каралды.
Артка
Алдыга

19:26 11.11.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG