"Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасякбаева камакта калды. Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Кемпир-Абад иши: жапырт камоо, үч күндүк сот
"Мен тараптан бир дагы чакырык болгон эмес. Мен керек болсо айып коюлуп жаткан комитетте мүчө эмес болуп жатсам, кафедеги чогулушка барбасам деле мага башаламандык уюштуруу айыбын коюп жатат. Урматтуу Садыр Нургожоевич (Жапаров - ред.) эсиңиздерде болсо керек, башаламандыктын коюлган айыбы кандай болуп чечилгени. Биздин дагы ишти окуп коюңуздар".
Равшан Жээнбеков сотто сүйлөп жатып "Менин денемди камашыңар мүмкүн. Бирок менин ой пикиримди, саясий көз карашымды камай албайсыңар" деди.
Жарандык активист "башаламандык уюштуруу" боюнча тагылып жаткан айыптарга макул эместигин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди:
"Кыпындай да күнөөм жок. Биздин аракетибиздин баары мыйзам чегинде. Кыймыл-аракетимде эч кандай мыйзамсыздык жок. Кемпир-Абад тууралуу элге туура эмес маалыматтар жетип жатат. Кемпир-Абад Кыргызстандын жери!".
10-ноябрда Жогорку Кеңештин 20 чакты депутаты президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдарды бошотууну өтүнүштү.
Чыңгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №3 Нарын округунан катышкан. 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен шек саналып, кармалган.
"Бизди соттой турган болсоңуздар Конституцияга чогулганга, сүйлөшкөнгө, талкуулаганга болбойт деп жазып коюңуздар. Ошондон кийин соттой бериңиздер", - деди Акматов сот залында.
Сот жүрүп жаткан маалда журналисттин тарапташтары аны бошотуу талабы менен акция өткөрүштү.
Кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Азимбек Бекназаров, Канат Исаев, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында 30дай киши Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышты. Арасында суу сактагычка жакын жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунан келгендер дагы бар. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, алар “Жерибиз ыйык жана кол тийгис”, “Жер үчүн бекем туруу кылмыш эмес”, "Эркиндик эл байлыгы" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
Милиция Ак үйдүн алдында акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын айтууда.