Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:32

Хакасиядагы тилсиз жоо

Шейшембиде Хакасияда өрттөн мерт кеткен 23 кишиге аза күтүштү. Орусиянын чукул кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, ондогон шаар кыштактарда бир миңге жакын киши жарадар болду. Бир жарым миңдей турак жай өрттөнүп, кеминде 5 миң киши үйсүз калды. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар да бар.

Тилсиз жоо үч миңдей койду, 700дөй бодо малды тирүүлөй жалмап, ондогон короо-сарайларды кыйраткан. 13-апрелде Орусиянын коргоо министрлиги Хакасиядагы өрт менен күрөшүү үчүн жардамга 700дөн ашык аскерди жөнөттү.

Кургак чөп менен жалбырактарды күйгүзгөндөн тутанган өрт катуу шамалдан улам тез жайылып кеткен. Сибирдин Алтай, Тыва, Забайкалье, Красноярск жана Иркутск чөлкөмдөрүндө да жабыркагандар тууралуу кабарланууда.

Ал тапта Бээжиндин "Синхуа" агенттиги шейшембиде өрт Кытай тарапка да жайылганын, Ички Монголия аймагында 30 чакты үй, башка имараттар күйгөнүн кабарлады.


XS
SM
MD
LG