Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

"Хроники": Мамдуманын депутаты Юрий Петровдун үй-бүлөсү кыргыз жарандыгын алган


Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылдан 2023-жылдын май айына чейин Орусиянын 352 жараны кыргыз жарандыгын алган. Бул тууралуу “Хроники” иликтөө долбоору билдирди. Долбоор Кыргызстан президентинин коомчулукка жарыяланган жарлыктары менен таанышып чыккан соң ушундай бүтүмгө келгенин ырастоодо.

Иликтөөчү журналисттер өз өлкөсүнүн жарандыгын алган кыргыздарды эсепке алган эмес. Орусияда туулган жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык алгандарга гана анализ жасашкан.

"Хроники" Түндүк Батыш федералдык округунун статистикасын өзүнчө карап чыккан. Алардын эсебинде 2021-жылдан бери бул аймакта туулуп- өскөн 43 киши Кыргызстандын жарандыгын алган.

Тактап айтканда, былтыр декабрдын аягында Мамлекеттик Думанын депутаты Юрий Петровдун жубайы менен уулу Ирина менен Василий кыргыз жарандыгын алышкан. Юрий Петров буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча федералдык агенттикти жетектеп, "Роснефть" мамлекеттик компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Петровдордон башка кыргыз жарандыгын Петербургдун түштүгүндөгү Шушар шаарчасынын мурдагы жергиликтүү депутаты Роман Мойсеев; Мурино шаарынын депутаттыгына мурдагы талапкер Сергей Кондауров; Петербургдун мурдагы вице-губернатору Игорь Метельскийдин күйөө баласы Владимир Ревенков; TecForce IT компаниясынын жетекчилери Владимир Макаров менен Станислав Соколов; Орусиядагы моторлуу яхталардын дистрибьютору Борис Лашков; ишкер Андрей Белошицкий; отельер Валерия Райц; самбо боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Дмитрий Заболотный; бодибилдинг боюнча дүйнө чемпиону Руслан Халецкий да алган.


26-мартта голландиялык The Moscow Times басылмасы Орусиянын Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин, орус өкмөтүнүн Жогорку Сот менен Конституциялык соттогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевскийдин кызы Наталья Барщевская кыргыз жарандыгын алган болушу ыктымал экенин жазган.

Эл аралык Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсесинин директору Илья Шуманов орус элитасы Кыргызстанды дүйнөгө жол ачкан укуктук талаа катары колдонуп жатканын белгилеген.

“Бул Кыргызстанды экинчи паспорт алууга жардам бере турган укуктук талаалардын бири катары тандашканын билдирет. Ал экинчи паспорт дүйнө кыдырып саякаттаганга, бизнес жүргүзгөнгө чектөөнү алып салат жана банктык чектөөлөрдү жоёт. Бул көпчүлүк орусиялыктар тушуккан кыйынчылыктарды жеңилдетет. Мунун Кыргызстан үчүн кандай тобокелдиктери болушу мүмкүн? Ушундай схеманы криминалдык өтмүшү бар адамдар да колдонуп жатат”, - деген ал.

  • Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койгон. Ага ылайык, 1704 киши жарандык алып, 46 адам жарандыктан чыккан. 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун 24 жарлыгы менен 6 316 адам кыргыз жарандыгын алып, 646сы чыгып кеткен.
  • “Азаттык” 2022-жылдын 31-декабрында чыккан №417 жарлык менен Орусияда таанымал болгон ондогон саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер Кыргызстандын жарандыгын алганын аныктаган. 26-мартта The Moscow Times басылмасы Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 31-декабрындагы №359 жарлыгы менен да Орусиянын бир катар белгилүү адамдарына кыргыз жарандыгы берилгенин жазган.

XS
SM
MD
LG