Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Ким Чен Ын Бээжинге барды


Си Цзинпин менен Ким Чен Ын.
Си Цзинпин менен Ким Чен Ын.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Кытайга аттанышын айрым байкоочулар АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушарда Пхеньян менен Бээжиндин стратегиясын координациялоо аракети катары баалашууда.

Шейшембиде Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы лидер Ким Чен Ындын мурунку күнү поезд менен Бээжинди карай жол тартканын көргөздү. Аны 10-январга чейинки сапарында жубайы Ли Соль Чжу жана өкмөт жетекчилери коштоп жүрүшөт. Маалыматтарга караганда, Ким Чен Ынды Кытайдын президенти Си Цзинпин расмий чакырган.

Бир нече убакыт мурун Вьетнамда Түндүк Корея менен АКШнын өкүлдөрү эки өлкө жетекчилеринин экинчи саммитинин ордун жана датасын талкуулашканы тууралуу кабарлар тараган. Дональд Трамп менен Ким Чен Ын былтыр июнда Сингапурда расмий кездешкен. Бул эки өлкөнүн лидерлеринин тарыхтагы биринчи жолугушуусу болгон.

Бирок ошондон бери Пхеньяндын чакан, бирок кеңейип бараткан өзөктүк арсеналы боюнча макулдашууда жылыш байкала элек. АКШ менен Түндүк Кореянын сүйлөшүүлөрүнүн чордонунда азыр Пхеньяндын өзөктүк куралдан арылышынын мөөнөтү, шарттары жана бул жараянды текшерүүнүн жолу турат.

Вашингтон Түндүк Корея курал программасынан баш тартса, экономикалык санкциялар жеңилдетилерин билдирип келатат. Бирок Түндүк Кореянын жетекчилери өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жок экенине ишеним болмоюнча куралсызданбай турганын билдиришкен.

АКШ болсо былтыр Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Кытай менен Орусиянын Пхеньянга каршы санкцияларды жеңилдетүү жөнүндө чакырыгына караманча каршы чыккан. Вашингтон ошондой эле Кытай менен Орусиянын Түндүк Корея менен иштешкен эки компаниясына каршы жаңы санкцияларды киргизген.

Бир нече күн мурун Ким Чен Ын экономикалык жеңилдиктер болбосо, альтернативалуу жолду тандаарын эскерткен. Кээ бир байкоочулар анын Кытайга барышы Трамп менен боло турган саммиттин алдында Бээжин менен стратегиясын макулдашууну көздөйт деп эсептешет.

Түштүк Кореянын президентинин кеңсеси 8-январда Сеул Ким Чен Ындын Кытайдагы сапары Корей жарым аралын өзөктүк куралдан тазалоо жараянына салым кошот деп үмүттөнөөрүн билдирди.

“Ушу тапта эки Кореянын, Түндүк Корея менен Кытайдын, Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда пикир алмашуу жүрүп жатат. Бул иштен майнап чыгат, ар бир жолугушуудагы жылыш жалпы прогресске салым кошот деп ишенебиз. Ким Чен Ындын Кытайга төртүнчү ирет барышы Түндүк Корея менен АКШнын саммитине карай маанилүү кадам болуп калат деп үмүттөнөбүз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бээжин - Пхеньяндын маанилүү дипломатиялык жана ири соода өнөктөшү гана эмес, экономикалык каатчылыктан жапа чеккен бул өлкө үчүн жардам алуунун негизги булагы.

Айрым эксперттер Трамп менен өтө турган саммиттин алдында “Ким Чен Ын Вашингтон менен Сеулдан тышкары башка дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрү жана экономикалык байланыштары бар экенин көргөзгүсү келет” деген да оюн айтып жатышат.

Жетечилик кызматындагы алгачкы 6 жылда Түндүк Кореянын лидери Си Цзинпин менен бир да жолу жолугушкан эмес, бирок былтыр Кытайга 3 жолу барган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG