Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 16:16

Түндүк Корея жаңы ракета учурганы кабарланууда


Түндүк Корея 9-мартта учурган ракеталар.

Түштүк Кореянын «Ренхап» агенттиги аскерлерге таянуу менен Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй ракета учурганын жазды.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, ракета 300-400 чакырымдай учуп барып, Токиодон анча алыс эмес жерге кулаган. Жапониянын премьер-министри калкка Пхеньяндын аракеттери тууралуу маалымат берип, аскерлерди кырдаалдын ар кандай өнүгүшүнө даяр турууга чакырды.

Вашингтон кырдаалга көз салып жатканын жана Сеул, Токио менен байланышта экенин билдирди. Ушуну менен Түндүк Корея жыл башынан бери үчүнчү жолу ракета учуруп жатышы ыктымал. 2-мартта болгон процессти өлкө лидери Ким Чен Ын өзү көзөмөлдөгөнүн Пхеньян билдирген. Экинчи ракета 9-мартта учурулган.

Сеул кыска аралыкта улам бир ракета учуруу менен Түндүк Корея аскердик машыгууларды өткөрүп жатышы мүмкүн экенин боолголойт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG