Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30
Киевге чабуулдун кесепети.  5-январь, 2026-жыл
Киевге чабуулдун кесепети. 5-январь, 2026-жыл

Харьковдо Орусиянын чабуулу бир нече кишинин өмүрүн алды, онго чукулу жарадар

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:18

Орусиянын Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь 13-январга караган түнү Таганрог шаарына кеминде жети украиналык дрон менен чабуул жасалганын билдирди.

Орусиялык ASTRA Telegram-каналы жергиликтүү тургундардын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүнө таянып, аймактагы "Атлант Аэро" заводу жана Бериев атындагы авиациялык оңдоо заводу бутага алынган болушу мүмкүн экенин жазды. Жарыяланган видеолордон бул объектилерде ири өрт чыкканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, "Атлант Аэро" ишканасы согуштук дрондор үчүн тетиктерди, башкаруу системаларын жана радиоэлектрондук комплекстерин чыгарат. Анын өндүрүшү, өзгөчө, "Орион" дрондорун иштеп чыгууга багытталган.

Таганрог шаарынын мэри Светлана Камбулова аба чабуулунун кесепетинен беш көп батирлүү үй, үч жеке турак жай, эки өнөр жай ишканасы жана алты машинеге зыян келтирилгенин тактады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Таганрогдогу "Атлант Аэро" заводуна сокку урулганын ырастады. Украин армиясы бул ишкананы буга чейин да бутага алган. Маалыматка ылайык, завод 2025-жылдын июнь жана ноябрь айларында да дрон чабуулуна кабылган.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 13-январга караган түнү 89 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Украин армиясы Орусиядагы согушту колдогон, каржылаган аскердик жана башка жайларга сокку уруп келет.

13:50

Одессанын борборунда эки жолку чабуулдан беш киши жараат алды

Бул тууралуу Украинанын Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак кабарлады. Анын айтымында, 13-январга караган түнү Орусиянын армиясы Одессанын борбордук бөлүгүнө эки жолу сокку урган. Анын кесепетинен турак жайлар жана социалдык объекты: оорукана, бала бакча, мектепке зыян келтирилди. Азырынча беш киши жараат алганы тууралуу маалымат бар.

Түндө Украинанын Аба күчтөрү Одессаны көздөй жанкечти дрондор учурулганын билдирген.

12:12

Орусиянын Харьковго соккусунан каза тапкандар төрт кишиге жетти

Украинанын Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, каза тапкан төрт кишиден башка дагы алты адам ар кандай жаракаттарды алган.

Синегубов сокку кайсы объектиге урулганын тактаган жок. Буга чейин Харьков облустук администрациясы орусиялык аскерлердин чабуулунан "Новая почта" терминалы талкаланганын кабарлаган.

02:38

12-январда Украинанын энергетикалык оператору - ДТЕК Киевде электр жарыгы чукул өчүрүлгөнүн жарыялады. 9-январга караган түнү орус армиясынын чабуулдарынан кийин борбордо бир нече миң көп кабаттуу үй жылуулуксуз жана жарыксыз калды.

Жекшембиде айрым жерлерде электр энергиясы калыбына келтирилгени менен өлкө энергетикалык кризистен чыга элек. Бул күндөрү Украинада абанын табы кескин төмөндөп, ызгаар күчөдү.

Минус 13кө чейин жеткен суукта электр жарыгысыз калган киевдиктер үчүн гуманитардык жардам борборлору уюштурулган. Ал жерлерде тургундар ысык чай, кофе ичип, телефондорун жандандырып алат.

Андай борборлордун бири мектептин имаратында жайгашкан.

27 жаштагы Лиза Лазаренко "Рейтер" агенттигинин кабарчысы менен маектешкенде онлайн иштегенин, 55 саат бою электр энергиясыз калганын айтып берди:

«Ыйлап отурбай бир аз алаксыйын дедим. Биз бул жерде карта ойноп отурабыз. Жок дегенде жылуулук бериле баштады. Үйдө чынын айтсам, эмне кылаарымды билбей башым айланып кетет. Электр энергиясы жок болсо эч нерсе бүтүрө албайсың".

Аны менен кошо отурган Леся Шломитска мындай оор абалга карбай, Украинадан кетүү ниети жоктугун айтат:

"Телефонумду дарыканадан бир аз заряддап алдым. Мобилдик интернет менен Wi-Fi иштебейт. Эртең кызым онлайн иштеши керек. Эми кантет билбейм. Үйдөгү температура 16 градус эле".

Өлкө аймагы боюнча бул өңдүү жети миңдей пункт ачылган.

Ал тапта Сергей Пржистовский короосундагы карды чакага эритип жүрөт. 85 жаштагы карыянын батиринде орус армиясынын соккуларынан кийин же суу, же жылуулук жок.

“Ага чейин жылуу болчу, кадимкидей эле. Жылуулук берилгиче түнкүсүн кийимчен жатпасам болбойт".

Орусиянын жапырт чабуулунан кийин жылуулук станциялары зыян тартып, электр зымдары үзүлгөн. Буга кошумча ызгаар күчөп, эл жылыткычтарды, башка жабдыктарды көп колдонууда.

Баш калаанын борбору аткылоодон кийин 30 саат бою электр энергиясыз калган.

Жекшембиде Киевдин мэри Виталий Кличко шаардыктарды мүмкүн болсо жылуулук жана электр жарыгы бар жерлерге убактылуу чыгып турууга үндөгөн.

9-январда украин премьер-министри Юлия Свириденко бир жумада электр станцияларга жана башка маанилүү инфраструктурага 44 сокку урулганын билдирген.

Өкмөт башчы дүйшөмбүдө катуу суук оңдоп-түзөө иштерине чоң тоскоол болуп жатканын белгиледи.

Маалыматка караганда, эң кыйын абал Киевдин кээ бир райондорунда жана облустун сол жээгинде түзүлгөн.

Премьердин айтымында, энергетиктер Одесса, Харьков жана Донецк облустарында да электр энергиясын калыбына келтирүү менен алектенүүдө.

12-январга караган түнү Одессанын бир бөлүгү жана бир нече айыл-кыштак электр жарыгысыз калды.

Жекшембиде украин президенти Владимир Зеленский Орусия карапайым элдин жашоосун ого бетер оорлоштуруу үчүн катуу суукту күткөнүн сындады.

Москва бул айыптоого жооп берген жок.

Зеленский 11-январь согуштун 1418-күнү экенин эске салып, узактыгы жагынан Советтер Союзунун нацисттик Германияга каршы урушуна теңелгенин эске салды:

“Алар элди азапка салууну, фашизмди, 20-кылымда болгон бардык жаман нерселерди кайталайбыз деп айтып келишкен эле, аны жасашты. Андан да ашып түшүп, электр станцияларга жана мейманканаларга каршы "шахеддер" менен баллистикалык ракеталарды атууда. Орусиялыктар мындан төрт жыл мурун эле алабыз деген Донбассты ээлөө аракетин улантууда".

Ал арада 12-январда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Москва “Орешник” ракетасын колдонуу жана Украинанын энергетикалык жайларына сокку уруу менен аскердик альянс Киевге жардамын токтотсун деген ишарат кылууда деген пикирин айтты:

“Орусиянын агрессивдүү согушу уланууда. Бир жума мурун “Орешник” ракетасы Львовго сокку урганына күбө болдук, жарандык жана энергетикалык инфраструктура чабуулга кабылууда. Бирок бул бизди токтотпойт. Украинага колдообузду улантабыз. Ызгардуу суукта чоң кысымга туш болгон Украина үчүн НАТО өнөктөштөрүнүн колдоосу болуп көрбөгөндөй маанилүү.

9-январда Орусия Львовго өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен чабуул койгон.

Бул маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинин дүйшөмбүдөгү күн тартибине киргизилген. Украин тышкы иштер министри Андрей Сибига "Орешникти" колдонуу Европанын коопсуздугуна жаралган коркунуч деп сыпаттады.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG