Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Күрөш: Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону болду


Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында. 13-апрель, 2024-ж. Бишкек.
Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында. 13-апрель, 2024-ж. Бишкек.

Бишкекте өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында бүгүн, 13-апрелде кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы алтын медал тагынды.

Медет кызы 76 килограмм салмакта финалда кытайлык Юань Хуангды 10:7 эсебинде жеңди. Ал финалдык беттешке чейин эки атаандашын уткан. Алгач чейрек финалда индиялык Прия Прияны 3:1, жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсеби менен жеңген.

Айпери Медет кызы ушуну менен бешинчи жолу Азия чемпионатынын финалында күрөшүп, экинчи жолу Азия чемпиону болду. Ал буга чейин 2022-жылы Азия чемпионатын жеңсе, үч жолу күмүш байге алган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.).

Айпери Медет кызы 25 жашта. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия оюндарынын алтын жана коло байгесинин ээси. Дүйнө чемпионатынын коло (2021-ж.) жана күмүш байгелеринин (2023-ж.) ээси. Былтыр Дүйнө чемпионатында күмүш байге алгандан кийин Парижде өтө турган Олимп оюндарына жолдомо алган.

Айпери Медет кызынан сырткары бул күнү кыргызстандык балбан кыздар Арууке Кадырбек кызы менен Гүлнура Таштанбекова коло байгеге ээ болушту.

55 килограмм салмакта Арууке Кадырбек кызы коло медал үчүн казакстандык Зульфия Яхьярованы жеңди.

Гүлнура Таштанбекова 68 килограмм салмакта дагы бир казакстандык Албина Каиргелдинованын далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда утту. Таштанбекова 2022-жылы Бишкекте өткөн күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 65 килограмм салмакта Азия чемпиону болгон.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелге чейин уланат.

Эртең, 14-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн 53 кг, 57 кг, 62 кг, 65 кг жана 72 килограм салмакта байгелер ойнотулат. Кыргызстандан аталган салмактарда Айжан Сабырбек кызы (53 кг), Сезим Жуманазарова (57 кг), Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Дилназ Сазанова (65 кг) жана Нурзат Нуртаева (72 кг) күч сынашат. 15-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар башталат.

12-13-апрелде болгон эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы бир алтын, бир күмүш жана эки коло байгеге ээ болуп, жалпы командалык эсепте Иран, Жапониядан кийинки үчүнчү орунду камсыздаган.
Балбандар Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын медал, Айаал Лазарев (125 кг) күмүш, Улукбек Жолдошбеков (65 кг) жана Алибек Осмонов (70 кг) коло байгеге ээ болушкан. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG