Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Казак электрин алганга каражат табыла элек


7-ноябрда кыргыз-казак энергетика келишимине кол коюлган. (Сүрөттө: Казакстандагы жогорку чыңалуудагы электр линиялары).
7-ноябрда кыргыз-казак энергетика келишимине кол коюлган. (Сүрөттө: Казакстандагы жогорку чыңалуудагы электр линиялары).

Кыргыз өкмөтү Казакстандан электр энергиясын сатып алууга акча издеп жатат. Өкмөттүн билдиришинче, бул үчүн кеминде 5 миллиард сомдон ашык каражат керек.

13-ноябрда Жогорку Кеңеште премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Ал арада айрым эксперттер казак электр энергиясынын баасы өтө эле кымбат экенин, бул экономикалык диверсияга барабар болорун белгилешүүдө.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин билдиришинче, Казакстандан электр энергиясын сатып алууга 5 миллиард сомдон ашык каражат керек. Азырынча өкмөт каржы булактарын аныктай элек:

- Электр энергияны импорттоо үчүн, газ, мазут жана Жамбылдагы ГРЭСтин операциялык чыгымдарынын баарын эсептегенде, келерки жылдын май айына чейин кошумча киреше салыгын кошкондо 97,2 миллион доллар табуу керек. Бул 5 миллиарддан ашык сомду түзөт. Биз азыр каржы булактарын табуу үчүн Каржы министрлиги менен иштеп жатабыз. Азыркы бюджетке ошол каражаттарды да кошуу керек.

Кыргызстан быйыл кыштан чыгуу үчүн Казакстандан 1,5 миллиардга жакын кВт. саат электр энергиясын сатып алганы жатат. Импорттолчу электр энергиянын наркы азырынча так бычыла элек, бирок кыргыз өкмөтү 5,5 сомго барышы ыктымалдыгын маалымдаган.

Кыргызстан коңшусунан электр энергиясын алуу менен аны сугат суу менен камсыздоого убада берген.
Кыргызстан коңшусунан электр энергиясын алуу менен аны сугат суу менен камсыздоого убада берген.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбековдун пикиринде, бул баа өтө эле кымбат. Ал муну өкмөттүн өз элине карата экономикалык диверсиясы деп атады:

- Мурун, 2010, 2011 жана 2012 - жылдары биз Казакстанга электр энергиясынын 1 кВт. саатын 2,8 центтен сатканбыз. Азыр болсо алардан 10 центтин тегерегинде сатып алганы жатышат. Бул дүң эмес, казактардын өз элине саткан чекене баасы. Экинчиден, мындай сүйлөшүүлөрдү мурун жүргүзүп, кол коюу керек болчу. Жазында, күзүндө Казакстандын электр станциялары, электр чубалгылары бош болуп турганда үч эсе арзан сатып алса болмок. Үчүнчүдөн, “Газпром” 350 миллион куб жаратылыш газынын миң кубун 165 доллардан берип жатпайбы. Аны болсо 55 миллион долларга казактарга берип, кайра 175 миллион долларга электр энергиясын сатып алганы жатышат. Бул эмне деген жорук? Ошол эле газды биздин Бишкектеги ТЭЦке алып келсе жарым жыл ичинде 1,5 миллиард кВт. саат электр энергиясын чыгарса болот эле.

Дагы бир эксперт Жаныбек Оморовдун пикиринде, кыргыз тарап баа боюнча казактарды ийге келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алган жок:

- Кризистик кырдаалда чукул арада сүйлөшүп калышты. Базар мыйзамдары ушундай. Абдан кымбатка туруп жатат. Алдын ала пландалганда мындан да арзан болушу мүмкүн эле. Электр энергиянын жайкы баасы менен салыштырганда кыйла эле кымбат да. Үч эсе, андан да кымбат. Кыргыз тараптын казактарды ийге келтирген суу маселеси өңдүү рычагдары бар эле. Мынчалык кымбаттатпай сүйлөшсө болмок.

Ал арада Оштогу “Жаштар коому” коомдук бирикмеси энергетикалык каатчылыкка байланыштуу өлкө жетекчилигине кайрылуу таратты. Аталган бейөкмөт уюмдун жетекчиси Орозайым Нарматова анда мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартуу тууралуу талап бар экенин билдирди:

- Мен Өзгөндө турам. Күндө алты сааттан: кечки 12ден таңкы 6га чейин өчүрүлүп жаткан. Андан мурунку күндөрү үч күн жандырып, бир күнү эртең менен тогуздан кечки 6га чейин өчүрүп жаткан. Оштогу газдын жоктугу аз келгенсип светтин өчүп жатканы бизге аябай чоң көйгөй болуп жатат. Өзүбүз электр энергиясын өндүрсөк, эмнеге четтен 5 сомго сатып алышыбыз керек? Азыр эми карапайым калкка 2,5 сомдон сатылышы ыктымал деп айтып жатышат. Ал акча бюджеттен алынышы мүмкүн, же өкмөт четтен карыз сурашы ыктымал. Карызды кайра эле карапайым калк төлөйт.

Астанадагы кыргыз-казак президенттеринин сүйлөшүүсү. 7-ноябрь, 2014-жыл.
Астанадагы кыргыз-казак президенттеринин сүйлөшүүсү. 7-ноябрь, 2014-жыл.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев 7-ноябрда Казакстанга расмий иш сапар менен барган. Анда кыргыз-казак энергетика келишимине кол коюлган болчу. Казак президенти Нурсултан Назарбаев документке ылайык, кыргыз тарап сугат суу боюнча убада бергенин билдирген:

- Биз боордош кыргыз элин ар дайым колдойбуз жана колдой беребиз. Ошондуктан Кыргызстандын президентинин өтүнүчү менен биз быйыл 400 миллион кВт. саат электр энергиясын, ал эми эмдиги жылы бир миллиард кВт. саат электр энергиясын сатканы жатабыз. Техникалык тоскоолдуктарга карабай, биз бул маселени чечебиз. Кыргыз досторубуз болсо өз кезегинде, биз үчүн өтө маанилүү сугат суу берүү тууралуу келишимди аткарабыз деп ишендиришти.

Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандан да электр энергиясын сураган. Расмий Ашхабад макул болгону менен ташып жеткирүү маселеси, баасы чечиле элек.

Кыргызстанга кыштан чыгуу үчүн кеминде 2,5 миллиарддай кВт.саат электр энергиясы керек.

XS
SM
MD
LG