Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

Жарыкты өчүрүү кышты күтпөй эле башталды


Өкмөттүн №525 токтомуна ылайык, ар бир облуска лимит коюлган.
Өкмөттүн №525 токтомуна ылайык, ар бир облуска лимит коюлган.

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү энергетикалык тартыштан чыгуу үчүн Казакстандан 1 млрд. кВт/саат электр энергия сатып алууну караштырууда.

Учурда бул маселе Астана шаарындагы кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында талкууланууда. Өткөн аптада Минскиде өткөн КМШнын саммитинин алкагында эки өлкө башчылары жолукканда да бул маселе алдын ала сүйлөшүлгөн. Ага улай эле Кыргызстандын аймактарында электрге эскертүүсүз өчүрүүлөр жүрүп жатат. Муну бийликтер аймактарга бөлүнгөн энергиянын лимитин азыртан сактоо аракети катары түшүндүрүүдө.

Өкмөт башчынын үмүттүү сапары

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Астана шаарындагы кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында эң негизги маселе катары быйылкы кышта Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алуунун жол-жобосу каралууда. Буга чейин Минскиде өткөн КМШнын саммитинин алкагындагы эки өлкө башчылары жолугуп, Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевден 1 миллиард кВт/саат электр энергиясын сатууну сураган.

Бирок азырынча коңшу өлкө энергия береби, бербейби, берсе анын көлөмү канча болот белгисиз. Ошол себептүү буга чейинки өкмөт бекиткен электр энергиясына болгон чектөөлөр толук бойдон аткарылуусу зарыл болуп турат.

Энергетика министрлигинин электр кубатын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Эрмек Абдубалиев лимиттерди бөлүштүрүү тууралуу мындай деди:


- Өкмөттүн №525 токтомуна ылайык, ар бир облуска лимит коюлган. Анда бардык эсептер эске алынып, чектөө пропорционалдуу түрдө жүрөт. Алардын баарын "Улуттук электр тармактары" ишканасы иштеп чыкты. Ага ылайык, лимиттен ашып кеткен колдонуучунун жарыгы өчүрүлөт, ал эми андан ашпагандардыкы өчүрүлбөйт.

Кантсе да аймактар боюнча кышкы лимиттердин так эсеби тууралуу расмий маалымат бериле элек. Башкача айтканда, облустар, райондор же шаарларга электрдик чектөөлөр калктын санына жана керектөөсүнө карата киргизилдиби же жокпу белгисиз. Маселен, Ош шаарында калаага берилип жаткан энергиянын лимити газдын жоктугу эске алынбаган тейде кабыл алынды деп эсептейт:

- Бул жерде бир эле нерсени эске алышкан. Атап айтканда, бардыгынын былтыркы лимиттери канча экенин карашкан дагы, бүт регионду чач алгандай эле бирдей тегиз алып, 26% кыскартып коюшкан. Реалдуу түрдө чектөөлөрдү жөнгө салууда аймактардын керектөөсү, динамикасы, өсүшү, кыймылдуулук сыяктуу нерселери эске алынган эмес. Мисалы, Ош шаарында учурда газдын жок болуп жаткандыгы да эске алынбай калган, -деди Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу.

Көгүлтүр отунсуз олтурган Ош шаары быйыл кышта 950 млн. кВт/саат электр колдонот деп күтүлүүдө. Энергетика министрлиги болсо калаага болгону 650 млн. кВт/саат гана бекитип атат. Демек, андан ашты дегиче эле, дароо жарык өчүрүлөт экен. "Бул жагынан алганда Ош шаарында кыш күндөрү 8 сааттан электр өчүрүлүүсү мүмкүн", - деди вице-мэр Абдырахман уулу:

- Бул Ош шаарында электр энергиясынын дефицити 300 млн. кВт/саатты түзөт дегенди билдирет. Бул сан менен калаа чынында жетишпестик тартат жана тынымсыз өчүрүүлөр болушу мүмкүн.

Эмитен башталды, кышта кантебиз?

Ал арада өлкөнүн башка аймактарында электр өчүрүүлөрү эмитен эле башталды. Баткен шаарынын тургуну Артыкбек Нарынов суткасына 12 саатка чейин жарыксыз калып жатканын билдирди:

- Бизде жарык 5-6 күндөн бери өчүп жатат. Түнкүсүн дагы, күндүз дагы өчүп жатат. Кээде экиге бөлүнүп өчөт, кээде бир өчкөн боюнча 12 саат жок болот. Түнкү саат 11лерде өчөт дагы, кайра ошо күнү кеч алтыларга барып жанат. Үйдө карылар, жаш балалуу келиндер бар, ошолорго кыйын болот экен. Бул эми лимитти элдин колдонуусуна карап киргизишпей эле, неге тарс-тарс эле коюп коюшкан. Бизде азыр ушу күз мезгилинде чектөөдөн ашып кетип атсак, анда кышта кантебиз?

Кыргыз өкмөтү өлкө боюнча 1-октябрдан 2015-жылдын 31-мартына чейин электр энергиясын колдонууну 30 пайызга азайтуу чечимин кабыл алган. Анын ичинде үч фазаны колдонууга, электр энергиясы менен көңүл ачуу мекемелерин, сауна, автожуугучтарды жылытууга, темир эритүүгө чектөө кирери айтылган. Бирок бул аракеттер тааныш-билиштиктин айынан толук ишке ашпай калып жатканын адистер белгилешет. Энергетика боюнча серепчи Эркин Бейшеев буларга токтолду:

- Макул, суу аз экен, электр аз экен деп, эл чектөөлөргө макул болгонсуп эле турат. Бирок ошол эле кезде ал чектөөлөр бирдей жүрбөй жаткандыгы калктын кыжырын келтирип жатат. Маселен, кээ бир райондо калк көп, кээ биринде аз, бирок лимит экөөнө бирдей берилип калган. Маселен, айрым облуста беш гана оорукана бар, кээ бир облуста 30 оорукана бар, анан лимитте болсо айырма жок. Эртең алар кантип кыштан чыгышат. Эл го болуптур, көмүр жагып, отун жагып сууктан чыгат дейли, социалдык объекттер эмне кылышат? Бул бир жагы. Экинчи жагынан, үч фазалуу ишканалар, өндүрүштөр бүт өчүрүлөт деп жатат. Бирок эмнеге ал да тегиз өчүрүлбөйт?

Учурда кошумча Тажикстандан 500 миллион кВт/саат электр энергиясы сатып алынып жатат. Казакстан менен сүйлөшүү оңдуу чечилип калса, дагы ушунча көлөмдөгү электр сатып келиниши мүмкүн. Бирок ошондо дагы 2 млрд. кВт/саат электр энергиянын дефицити толук жабылбайт дешет бийликтер.

1-сентябрга чейин Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 11 миллиард 793 миллион куб метрди түздү. Бул мурдагы жылдардан төрт миллиард кубга аз. Энергетика министрлиги ар кыл чектөөлөрдү киргизүү менен кийинки жылдын апрель айында суунун көлөмүн 7 миллиарддан түшүрбөй сактап калуу аракетин көрүүдө. Бул чектен ылдыйлап кетсе, суу сактагычтын жабдыктары иштен чыгышы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG