Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Кыргызстанда былтыр 2 миңден ашуун ымыркай чарчап калган


Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында, 2018-жылы ар кандай оорулардан улам бир жашка чейинки 2535 ымыркай чарчап калган. Ымыркайлардын өлүмүнө ар кандай оору, уулануу, дем алуу органдарынын жабыркашы ж.б. факторлор себеп болгону айтылууда.

2017-жылы бир жашка чейинки 2401 балдардын өлүмү катталган.

Ал эми 2018-жылы төрөткө байланыштуу оорулардан 49 аял көз жумган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда каза табат. Буга төрөт үйлөрүнүн жетишсиздиги, андагы тиешелүү шарттардын жоктугу, дарыгерлердин кайдыгер мамилеси жана аялдардын ден соолугуна кош көңүл мамилеси себеп болгону айтылып жүрөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG