Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Өнүккөн таза өлкөнү курууга жетишели


Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө 23 жыл толуп отурат. Бул мезгилдин ичинде республикада бир катар жетишкендиктер болгондугуна карабастан өлкөдөгү кризистик абал али оор бойдон калууда. Коррупцияланган өлкө катары дүйнөдө 160чы орундан төмөндөбөй келе жаткандыгы сиздерди тынчсыздантып, кооптондура тургандыгын мен дагы жүрөгүм менен сезип жатам.

Ошондуктан, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө түздөн-түз шарт түзө турган өзгөчө маанилүү 5 маселе чечкиндүү иш-аракеттер менен аткарууга алынат.

1. Республиканын башкы жетекчилеринен баштап бүткүл кадрлардын таза, акыйкат иштөөсүнө талап күчөтүлүп, системалуу иш алып барылат. Келечектүү жаш адистер резервке алынып, бийлик кызматында иштеши боюнча максаттуу иш жүргүзүлөт.

2. Коррупциялык көрүнүштөргө жана кылмыштуулукка каршы системалуу күрөш чечкиндүү жүргүзүлөт. Ачыкталган ар бир факт, маалымат сөзсүз каралып тийиштүү баа берилет.

3. Мыйзам үстөмдүгүн, сот адилеттигин бекемдөө иш-аракети аткарууга алынат.

4. Тоо-кен, табият байлыктары, инвестиция каражаттары эл кызыкчылыгына жооп бергидей шартта гана иштетилет.

5. Жаратылыштын, өзгөчө мөңгүнүн зыянга учурашына жол берилбейт.

6. Тышкы карыздын көбөйүшү - бул кийинки муундардын келечегине коркунучтуу. Мындан ары бул тыкыр чектелет, көзөмөлдөнөт.

Бейшен Жамгырчиев

XS
SM
MD
LG