Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Көчмөндүк кубатыбызды жоготпойлу


Урматтуу кыргыз калкым! Кымбаттуу мекендеш!

Тагдырлаш жана максатташ замандаш! Сиздерди келе жаткан сыймыктын жана татыктуулуктун салтанаты эркин өлкөнүн кутманы эгемендүүлүк күнүңүздөр менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул маанилүү дата басып өткөн оош-кыйыштуу тарыхый жолду талдоонун, ийгилик-мүчүлүштүктөрдү тактоонун жана акыл сыдыргысынан адилеттүү өткөрүп таамай тыянак чыгаруунун да майрамы болуп эсептелет.

Ана-мына дегенче арадан өтүп кеткен жыйырма үч жылдык эгемен тарых-таржымалыбызга, “ак калпак Ала-Тоонун чокусуна көтөрүлүп” алыска үңүлө, арт жагыбызга кытыр көз жүгүртө саресеп салсам, кудайдын мээри төгүлгөн бейиш сындуу Ата Мекенибиз, жомоктогу ажыдаар жулкуп өткөндөй, жексур чөөлөр желип өткөндөй: кыйраган завод-фабрикалар, автобазалар, машина-трактордук станциялар, гараждар, кашарлар, цехтер, жолдор, каналдар, арыктар, тонолгон токой, эрозияга учураган айдоо аянты, алдырып ийген тонналаган алтын, асыл таштар, орду менен омкорулган өтө уникалдуу дарактар, дары чөптөр, жок кылынган илбесин, аркар-кулжа, эчки-теке, СССР доорунда эгедер болгон көрсөткүчтөн алда канча артка шыпырылган айыл чарбасы, өндүрүш, экономика, социалдык турмуш; ишке ашпаган, “Манас”, “Адамды омоктуу өнүктүрүү”, “Аракет”, “Комплекстүү өнүгүүнүн негиздери” сыяктуу асыл максаттардын ара жолдо суроо-сопкутсуз калып, арзыбас куру кыялданууга айлангандыгы, далай мамлекеттерде жемиштүү үзүрүн берген адам укугунан, сөз эркиндигинен, дымактуу демократия жараянына, либералдуу экономикадан эли-журтубузду жайдары маанайга бөлөгүдөй жарытарлык майнап чыгара албаган ынтымак-ыркка келе албас энөөлүгүбүз.

Мындан улам “Улуттук”, мамлекеттик, партиялык жана тармактык макамда кабыл алынып, бирок ишке ашпаган программалар, реформалар, концепциялар, модернизациялар, пландар, күм-жам болгон хартиялар жана жарамсыз партиялар... Тозокту да тоготпогон жемкорлордун жамачылуу ниетинен, жүрүш-турушунан мүлдө көпчүлүгүбүзгө сасык тумоодой жуккан өңчөй өзүмчүлдүктүн кедер-кесепетинен таттуу кыялдарга, таамай ийгиликке татыктуу өлкө кемсинтилген абалга кептелип туру.

Эгемендүүлүктүн, кыраан эрдиктерге жарачу кыл мурут жигит курагын, жыйырма үч жашка толушун кандай абалда тосуп атканыбызды өкүттүү баяндаганымдын себеби - намысты козгоо, кайдыгерликтен ойготуу, жаратман ариеттин духун асабадай желбиретүү.

Анткени биз Ата Журттун, Ата Мекендин уулдарыбыз, кыздарыбыз. Ала-Тоодой асылдуу, айчырайлуу, жашоого жагымдуу жерди таамай тандап, жүздөгөн жылдар аздектей асырап, тообо-топук менен адилеттүүлүккө бөлөп, бизге мурастаган, жан дүйнөсүндө таза ниет, асыл үмүт гана жашаган ата-бабаларыбызга миң мертебе рахмат. Жазда жыты аңкыган түркүн гүлдөр жадырай ачылса, күздө, аталар, апалар тиккен дарактар таңкала тамшанып жей турган ширин мөмөсүн берет, жашыл тулаңдуу жайлоодо жетилген боруктун таттуу этти, белестердин бетегеси берген кыям кымызды дүйнөнүн бир да бөлүгүнөн табууга мүмкүн эмес. Анткени кыргыз жеринин касиети керемет; абасы таза, суубуз таза, кыртышыбыз алтын топурактуу, таза гана жыттуу, ширелүү, таттуу, таптуу азык берет, көкөлөгөн көңүл, көрктүү өмүр берет.

Азыркы кымгуут жаңылыктуу заманда айлана – ар тарапка саресеп салсаң далай өлкөлөрдүн уул-кыздары атамекен “алтын уясына”, киндик кан тамган жергесине жарык дүйнөгө келгендиги үчүн өмүр бою карыз экенин ыйык тутуп, ошол карызын кайтарууну тирүүлүктүн жогорку мааниси деп жашоодо. Ата журттун жытын, жылуу илебин, сени сүйө жадыраган маанайын, сага, мага берген нан азыгын, бал азыгын, рух азыгын, беймаралдыгын тартуулаган бейпил сезимди алтымыш батман алтынга да, алты КаМАз берметке да алмаштыруу мүмкүн эмес. “Туулган жердин топурагы алтын” деп бекеринен айтылбаса керек, Ата Мекендин жан дүйнөгө жагымдуу кадырын, көз жоосун алган ажарын, туугандык, достук, кошуналык сый-урмат тартуулаган берешендигин чет өлкөлөрдүн шаарларын аралаганда, алыста жүргөндө, бөтөн элдердин арасында жашап, ата мурастык мүнөзүң, салт-санаа кутуң, арман-арзууң өгөйлөнгөндө айрыкча курч кабылдайсың, бушайманга батасың.

Ошо чет өлкө аймактарын аралаганда, Ата Журтун гүлзарга айландыруу үчүн каны-жанын аябай, ийгилигине кумдай күкүмдөн тырыша салым кошуп кара жанын карч ура кам көрүп жүргөн азаматтарды көрүп бир чети ичиң күйүп да кетет, суктанасың, арданасың. Алардын элине арнаган энергиясында, жасаган буюмунда, заманбап базарында, курган каналында, эгин эккен талаасында, жолунун ар бир метринде, атүгүл дааратканасында ышкынын, ынтаанын илеби согуп, кесипкөйлүктүн, сапаттын үлгүсү жаркырап, мекенди сүйүүнүн азоолонгон атаандаштыкта жеңип чыгуучу каарман касиети жалын бүркүп турат.

Урматтуу замандаш! Биздин алдыбызда тикесинен тик турган доор чакырыгы, милдет айкалышкан жоопкерчилик ашкере татаал жана кыйла кооптуу ошондуктан атамурастык асыл баалуулуктарыбызды, “Манас рухун”, “Чыңгыз духун” даңазалап, адамдык абийирибиз үзүр берип адамзаттык тарыхый назарга арзуучу мезгилдин чечүүчү этабына келип олтурабыз; акылыңды төптө, кыраакылыгыңды арттыр, жан дүйнөңдүн тереңинде катылуу ата мурастык тарыхый асыл баалуулуктарыңды, көчмөндүк энергияңды эргиген эрк менен калыбына келтир! Эл кызыкчылыгына, мекен кызыкчылыгына бур. Биримдикке умтулган жеңишчил майтарылбас дух менен ар бирибиз өзүбүздү-өзүбүз таамай тарбиялоо менен жан дүйнөбүздү заманбап чыйралтуу менен өлкөнүн өнүгүшүнө так, даана экономикалык, экологиялык, ыймандык салым кошууга тарпилүү тартип менен көшөргөн көктүктө умтулалы! Бейиш сындуу Кыргызстаныбызды ырыскылуу каниет менен белсене эмгектенип, бекем максатташтыкта өзүбүз сыймыктана турган, өзгөлөр суктана турган ийгиликтер өкүм сүргөн кооз өлкөгө айландыралы! Бар бололу, бир бололу!

Муса Сапаев

XS
SM
MD
LG