Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Жыйынтык бербеген жарым жыл


15-майда “Алиби”, “Барометр”, “Дело№”, “Майдан.kg” гезиттери жарык көрдү.

“Алиби” гезитинин “Күн дарек” рубрикасында учурдагы өкмөттүн иш-аракеттерине айтылган сын-пикирлер орун алды.

Гезит Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаевдин "25 долбоордун 24ү быйыл башталышы керек эле. Бирок эмнегедир эч кандай аракеттер көрүлбөй, убакыттан уттуруп жатабыз. Буга чейинки долбоорлор боюнча 7,2 млрд. АКШ доллар керектиги айтылган. Бирок өкмөт учурда башка сандарды айтып жатат. Дегеним, Өнүгүү стратегиясында камтылган иш-чаралардын тизмеги түрдүүчө окулуп жатат. Жарым жыл өтсө да жыйынтык жок" -деп Улуттук кеңеште сүйлөгөн сөзүн басты.

Ушул эле гезит жан-жаныбарларга, жаратылышка зыян келтирген жарандарга өкмөт айып салууну жогорулатканын коңгуроо кагат. Гезит эми илбирс атканга 500 миң сом, аркар-кулжа аткандарга 400 миң сом, кундуз кармаганга 200 миң сом, ителги кармасаңыз 100 миң сом, кыргыйга кызыксаңыз 80 миң сом, бүркүт менен таз жору кармагандар 25 миң сом айып төлөрүн эскерткен.

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева ушул эле гезитке интервью берип: “Азиз Батукаевди сот “туура бошоткон” же “туура эмес бошоткон” деп комментарий бере албайм. Бул иш боюнча нааразы болгон тараптын арыз же сунуш берүүгө бир жыл ичинде мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүнкү күндө Азиз Батукаевдин иши боюнча мындай арыз түшө элек. Келип түшсө соттук коллегия сөзсүз карайт, укуктук баасын берет",- деп жооп берген.

“Барометр” гезити бул жолу ойлоп табуучу Сагын Жекишова менен маек курган.
"Ушул фарфор иштетүү боюнча чейрек кылымдан бери изилдөө иштерин жүргүздүм, эми акактай тунук фарфор чыгардым деп турам. Таштан фарфор иштеп чыгаруу илимий түйшүктүү эмгектен тышкары өндүрүүдө ары татаал, ары кол жеткис нерселерди талап кылат. Ошондон улам көпчүлүк изилдөөлөрдү Орусияда, Өзбекстанда жүргүзүүгө туура келди. Кытайдыкынан да тунук, акактай фарфор чыгарсак деген тилек менен түйшүктөнүп келатам", -дейт Сагын Жекишева.

Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун “Кыргызстан өнүкпөйт десе өлгүм келет” деген маеги да ушул гезитте.

Орус тилинде чыккан “Дело№” гезити кытайлык ишкерлер Кыргызстандагы кен-байлыктарды иштетүүгө уруксат алыш үчүн кыргыз чиновниктерине 1,5 миллион АКШ долларын пара катары бергени, эл аралык жаңжал чыгуу жагдайы курчуп баратканын талдоого алган.

Жакында чет өлкөдө куугунтукта жүрүп каза болгон орусиялык олигарх Борис Березовскийдин кандай жол менен байыганын, саткын достору, орус бийлигинин куугунтугу, Максим Бакиев менен болгон мамилеси тууралуу кеңири баяндамага орун беришкен.

“Майдан. kg” гезити бул санын “Эмнеге Сатыбалдиевдин өкмөтү кетиши керек?” деген фотоколлаж менен ачты. Андагы сүрөттүн чоо-жайы менен, өкмөт эмне себептерден улам кетиши керектигин журналист Адилет Нуржигитов талдоого алган.

Укук коргоочу, адвокат Акин Токталиевдин “Азиз Батукаев бийик төбөлдөрүнүн жарты тыйынга Ата Мекенин сатып ийгенге даяр экенин далилдеди” деген маеги да ушул гезитте. Анда укук коргоочу Батукаевди чыгарып жиберүүгө Президенттик администрация, аткаруучу жана сот бийлиги, башпрокурор Аида Салянова менен акыйкатчы Турсунбек Акундун кызыкдар болгондугу көрүнүп турбайбы деп сындаган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG