Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Кыргыз уздарынын лондондук кардарлары


Ханбийке Александра жана кыргыз уздар, Лондон, Британия, 14.05.2014.
Ханбийке Александра жана кыргыз уздар, Лондон, Британия, 14.05.2014.

Британ баш калаасында өткөн эл аралык көргөзмөдө зергер Гүлсара Акматова-Дейвис менен Бишкектен барган таанымал чебер Фарзана Шаршенбиеванын эмгектери коюлду.

Кыргыз уздарынын колунан жаралып, көз жоосун алган буюмдар Лондондо британ падышалык үй-бүлөсүнүн назарын бурду.

Улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн жибек жоолуктар, ар түстөгү асыл таш чөгөрүлгөн зер буюмдар мартабалуу Кенсиңтон таун-холлунда уюштурулган көргөзмөнүн конокторун кайдыгер калтырбады.

Британ баш калаасында 55-ирет өтүп жаткан маанилүү иш-чарага зергер буюмдардын дизайнери, бир нече сыйлыктардын жеңүүчүсү Англияда жашаган Гүлсара Акматова-Дейвис жана Бишкектен барган жибек устаты, ЮНЕСКОнун атайын сыйлыктарынын ээси Фарзана Шаршенбиева катышты.

Күн желесине окшоп ар кандай түстөрдүн айкалышынан жасалган буюмдарга суктангандар арбын болду. Ар бир асыл таштын "мүнөзү" болот деген Гүлсара айым 20дан ашуун зер буюмдарын көрүүчүлөрдүн назарына койду.

"Кудай кааласа, август айында өзүмдүн жеке көргөзмөмдү өткөрөйүн деп турам. "Асыл таштар дүйнөсү" - бешинчи жеке көргөзмөм болот", – деди лондондук кыргыз зергер.

Британ ханышасынын сиңдиси Александра кыргыз чебердин жанынан кыя өтпөй, Ысык-Көлдү эске салган көгүлтүр лазурит, аквамарин жана бирюзадан жасалган эки шуруну сатып алды.


Мен бул мартабалуу жармаңкеге бир нече жолу катыштым. Бул ирет дүйнөгө атагы чыккан оймо-чиймелер түшүрүлгөн жоолуктарды алып келдим. Бул жоолуктарга британ падышалык үй-бүлөсүнүн кызыгуусу да арбын, – деди жибек устаты Фарзана Шаршенбиева.

Бул ирет дагы ханбийке Александра Фарзана айымдын колунан чыккан жибек моюн орогучтан экини тандап алды. Белгилүү Голливуд актрисасы Сигурни Уивер дагы Фарзана Шаршенбиеванын кардары экенин сыймыктануу менен айтып койсок аша чапкандык болбос.

Лондондон кийин Американын үч штатында өтчү чоң көргөзмөлөргө катышам. Техастын Даллас шаарында, Нью-Мексиконун Санта-Фе шаарында дүйнөдөгү абройлуу көргөзмөгө жана Калифорниянын Сан-Диего шаарындагы көргөзмөлөргө катышам. Мурдагыдай эле жергиликтүү калкка мастер класстарды өтөм. Менин максатым – кыргыздын кол өнөрчүлүгүн бүт дүйнө жүзүнө жаюу жана таратуу, – деп толкунданганын жашырбады Фарзана айым.

Айтмакчы, анын колунан чыккан үлбүрөгөн, эксклюзивдүү жибек жоолуктар бир даанадан гана жасалат.

Лондондо ар жыл сайын өткөн мартабалуу көргөзмөгө коюлган атактуу армян коньягы, беларус арагы, латыш бальзамы, молдован шарабы жана өзбек атласы британдардын купулуна толду. Азия жана Африканын улуттук кийимдери, элдик ыр-бийи болсо көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрдү.


Ханбийкенин кыргыз уздары
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG