Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:11

Бакыт Бешимов Конституциялык Cотко кайрылды


Шайлоо башталганга чейин президент саясий партиялардагы жана уюмдардагы өз ишин токтото туруш керекпи же жокпу? Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов ушул жагдайды чечмелеп берүүсү үчүн Конституциялык Cотко кайрылды. Анын айтымында, президент кызмат абалынан пайдаланып, административдик ресурсту колдонуп жаткан чакта, калган талапкерлерге мыйзам чегинде шайлоодо бирдей шарт түзүлбөй калууда.

Кыргызстандын Конституциясынын 45-беренесинин 3-пунктуна ылайык, президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилде шайлоо башталганга чейин ал саясий партиялардагы жана уюмдардагы өз ишин токтотото турат. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимовдун пикиринде, азыркы президент - бир эле учурда президенттикке талапкер - Курманбек Бакиев Кыргызстанды “ак-жолчулар” жана “ак-жолчулар эмес” деп экиге бөлүп салды. Анын бул кадамдары шайлоонун легитимсиз болушун көрсөтөт.

- Президент элдин ынтымагынын кепилдиги, биримдигинин символу болуп туруп кызмат кылса, жалпы эл аны туура түшүнүп кубаттайт эле. Тилекке каршы, андай болбой, теңсиздик болуп жатат. Ошондуктан ушундай кадамга барып жатабыз.

Бакыт Бешимов Конституциялык Cот бийликтин пайдасына чечим чыгарып коюшу ыктымал экенин айтты. “Эгер ошондой боло турган болсо, мунун өзү шайлоонун мыйзамсыз болоорун тастыктап коет”, - дейт ал:

- Конституциялык Cот түзүлгөн күндөн баштап, режимге кызмат кылып келет. Мисалы, Чолпон Турсуновна (Баекова – ред.) Акаевдин үчүнчү мөөнөтүн “экинчи мөөнөт” деп чечип берген. Азыр деле ошентип жатат. Бирок кандай болгон күндө да мен мыйзам чегинде кайрылышым керек, болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланышым керек. Мыйзам мага жагабы, жакпайбы - мен мыйзам чегинде иштегим келип жатат.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдрасаков президент учурда иштеп тургандан кийин, эки милдетин тең аткара берсе болоорун айтат. Анын ою боюнча, азыр президент партия үчүн деле иштеген жери жок.

- Мисалы партиянын расмий лидерлери башкалар. Партиянын өзүнүн лидерлери, облус, райондордо өкүлчүлүктөрү бар. Президент партияда өзү иштеп жаткан жери жок да. Партия өзү иштеп жатат. Мисалы Атамбаев деле талапкерлигин коюп жатат. Партиясы өз алдынча иштеп эле жатпайбы. Ошондой да. Мыйзам бузулбайт, буга чейин деле ушундай болуп келген.

БШКнын билдиришинче, Шайлоо алдындагы үгүт иштери 18-июнда башталып, 22-июлга дейре созулат. Үгүт иштери шайлоого 24 саат калганда токтотулат. БШК ММКларда бардык талапкерлерге үгүт маалында бирдей мүмкүнчүлүк берилишин көзөмөлгө алат. 23-июлда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо 18-июнда жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG